Күнтуу айыл аймагында “Карылар күнү” белгиленди

0
72

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты — дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалымат берүү болуп саналат.

28 жылдан бери Кыргыз жеринде да бул күн кызуу белгиленип, жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү улгайган адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүп, жылуу сөздөрүн арнап, ден соолук тилеп келишет. Баардык мамлекеттик мекемелер да бул күндү куру кетирбей, майрамдык иш чараларды уюштуруп, карыларды сыйлоону салтка айландырганы жакшы көрүнүш. Бул күндүн урматына бүгүн Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагында дагы карылар күнү белгиленип, 100дөн ашык кары-картаңга сый-урмат көрсөтүлдү. Майрамдык иш чараны аталган аймактын айыл өкмөтү уюштурду.  Карылар күнүнө арналган салтанатта, адегенде айыл өкмөт башчысы Адилет Сейдалиев сөз алып, кары-картаңдарды бул күнкү майрамы менен куттуктады. “Карылар бар ырысыбыз бар. Ааламдашкан заманда сиздер турмуш тажрыйбасы мол, үлгүлүү насаатчы катары, коомду жакшы жагына кармап туруучу, үгүттөөчү сыйлуу адамдарсыздар. Жаштар сиздердин жакшы кебиңиздерди, көргөн-билгениңиздерди угуп, жасаган эмгектериңиздерге канагаттанып өмүр улайт. Биз сиздердин бар экениңиздерге миң алкыш айтабыз жана урматыбызды, сыйыбызды күчөтө беребиз”-деди куттуктоо сөзүндө айыл башы. Иш чарага аталган аймактын айылдык кеңешинин депутаттары, төрагасы Улан Астаркулов дагы катышып, карыларга каалоо тилектерин айтышты. Карылар күнүнүн урматына арналган бул иш чарага ошол аймактын сыймыктуу, сыйлуу уулу, жазуучу Өскөн Даникеев аксакал да катышып, карылар менен бирге сый урматка бөлөндү. Сөз алган жазуучу баардык карыларды куттуктап, алардын арасында бар экенине, ушундай улуу элдин урпагы, уулу болуп калганын жашырган жок.

Майрамдык салтанатта, карылардын ак батасын алуу максатында айыл аймактын азамат атуулдарын, элге, мамлекетке ак дилден кызмат кылган кызматкерлерди жана мыкты жаштарды келечекке шыктандыруу үчүн  ар кандай номинациялар менен сыйлоо дагы коштолду. Күнтуу айыл аймагынын “Мыкты атуулу” наамдары менен  Таалайбек Корголдоев, Адыл Мамбеталиев, Шакир Сарккараев жана белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубаттар сыйланышты.  Кунтуу айылдык кенешинин “Мыкты депутаты” деп Марат Козубеков аталса, Кунтуу айыл өкмөтүнүн “Эң мыкты жооптуу катчысы” деген наамга Эдита Тайгараева татыган. Мындан тышкары аймактын 33 жаш атуулуна, алардын аймак үчүн жасаган алгылыктуу иштери эске алынып, мындан ары да жакшы эмгектерди жасап, элге кызмат кыла берүүсү үчүн ыраазычылык каттары жана грамоталар менен сыйланышты.

Салтанат соңунда келген карылар бул иш чараны уюштурган айыл өкмөт жетекчилигине ыраазычылык айтып, ак баталарын беришти.  

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × 5 =