БИЗДЕ КӨП АЯЛ АЛУУ — ҮЙ-БҮЛӨНҮН БУЗУЛУШУНА НЕГИЗГИ СЕБЕП БОЛОТ

0
169

Азыркы коомчулуктун арасында көп аялдуулук деген бар. Бирок мыйзамдын негизинде бир эле аялы бар эмеспи. Шариятта көп аялдуулукка уруксат берилген. Уруксат деген нерсенин ичинде, ар бир мусулман көп аял алсын же милдеттүү түрдө деген түшүнүктү жаратпайт. Бул жерде үйлөнө турчу адамдын материалдык мүмкүнчүлүгү болушу абзел. Экинчи же үчүнчү аял алуу үчүн тең укуктуулукту сактап, аялдарына бирдей кароо керек. Мисалы биринчи аялына кандай камкордук көрсөтүлсө, кийинки аялын дагы жакшы шарт менен камсыз кылууга милдеттүү. Эгерде мындай аракеттерди, адилеттүүлүктү жасай албайм десе, анда ал адам сөзсүз милдеттүү түрдө бир эле аял алууга укуктуу экендигин дин аалымдары баса белгилейт. Ислам дининде көп аялдуулукка уруксат берилип, бирок буга карата шарияттын негизинде өз милдеттери бар. Куранда жазылгандай, эгерде эркек адилеттүү боло албаса, анда бир эле аял алууга уруксат берилет. Мындан сырткары экинчи аял болуп турмушка чыгуу үчүн аны эч ким мажбурлаган жок. Ал өз ыктыяры, укугу аркылуу өз үй-бүлөсүн тандап алууда-дейт дин аалымы. Коомчулукта аял затын мажбурлап, экинчи же үчүнчү аялдуулукка алуу башка маселе эмеспи. Мисалы жарым жалгыз бой жесир аялдар бар. Турмуштун оор кырдаалы же ар кандай себептерге байланыштуу көп балалуулар ажырашып жалгыз калышат. Эгерде мындай оор кырдаалда жашаган аялдарды камсыздап, экинчи аялдуулукка алса жакшы болот. Жесир калган аялдардын балдарына жардам берип, өз баласындай тарбия берүү менен эрезеге жеткирейин деген ой-тилеги бар болушу керек. Кандай болсо дагы адилеттүүлүктүү сактоого тийиш. Коомчулукта айрымдары көп аял алса болот экен деп, бирок аларга шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок.
Көп аялдуулук жалаң мусулман жамаатына мүнөздүү көрүнүш эмес, бул көрүнүш ислам жана христиан динине чейинки байыркы коомдордо кеңири кездешкен. Бирок ислам дини бардык эркектерге эле көп аял алууга уруксат берилбегендиги жана бир нече аялын, анын балдарын бирдей камсыздап-багууга кудурет-чамасы жетиштүү адамдарга гана жол берилгендиги айтылат. Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштыруу боюнча демилге диний аалымдар тарабынан дайыма көтөрүлүп келет.

Азыркы убакта далай эркектер исламдын бардык талаптарын эске албай эле көп аял алып жаткандар дагы кездешет. Аларды мындай кадамга диний көз карашы, же башка жол-жоболор түртүп жаткан жок. Мунун себептери башка жана кантсе да, өкүндүрбөй койбойт. Коомчулукта көп аялдуукка жол берүү тууралуу кайчы пикирлер арбын. Мындай кадамдар үй-бүлөнүн бузулушуна бирден-бир себеп болорун баса белгилешет.
Көп аял алуу демилгесин Кыргызстанда алгачкы жолу 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин юстиция министри Марат Кайыпов көтөрүп чыкан эле. Бирок коомчулук каршылыгын билдирип, муну ойноштукту мыйзамдаштыруу аракети деп айыптагандар болгон.
Сонунбүбү Кадырова, тележурналист:” 80% эркек аялдардын мойнунда отурушат”
-Аялды алгандан кийин анын милдетин, түйшүгүн кошо көтөрө турган мыйзам болсо жакшы. Ансыз деле 80% эркек аялдардын мойнунда отурушат. Алар кайсы арына катын алат. Жетим-жесирди көбөйтүп жибере турган жагы бар.Ушул жагын дыкат иштеп чыкса, бирнчи аялдарынын уруксаты менен ала турган болсо колдосо болот. Бир аялдын көйгөйү чеилген менен экинчисиники башталып атат да. Бул жагын өтө кылдат кароо зарыл.Негизи баардык мыйзам оордунда болуп эле ушул мыйзам калган жери жок. Кыргызстанда башка жагыбызды эптей албай жатып бир эле ушул мыйзамды көтөрүп чыкканыбыз бир аз туура эмес болуп калат. Башынан караганда мамлекеттик система иштен чыкты.Бул система азыр коомго кызмат кыла албай калды.Ошондуктан Кыргызстан азыр олуттуу реформага муктаж. Аны эч убакта азыркы саясатчылар жасай албайт. Колдорунан келбейт. Ал эми коом башка нукта өзгөрүлө баштаганда эле баары четинен оңоло баштайт. Ошондо мындай мызам да өз ордун табат.

Мелис Айдаркулов, КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары:”Социалдык маселелердин ырбап кетишине алып келери анык”
-Бул проблема көп аял алуу менен эле чечилип кала турган деңгээлден өтүп калды. Анын үстүнө бул көйгөй бизде эле эмес, керек болсо, өнүккөн өлкөлөрдө да бар. Балким, кандайдыр бир деңгээлде көп аял алуу көйгөйдү бир аз жеңилдетиши мүмкүн.Бирок негизи бул маселеге ар тараптуу мамиле жасап, аны кыйкырык-чуусу жок, ар кайсы жээкке урунбастан, акырындап чече бериш керек. Айрыкча адеп-ахлак жагына көбүрөөк көңүл буруп, ата-бабабыздан калган салттарды эске алуу менен үй-бүлө институнун кадыр-баркын калыбына келтирүү керек. Болбосо, бир жактуу эле көп аял алууга жол ачсак, ал башка да социалдык маселелердин ырбап кетишине алып келери анык. Мисалы, ата-энеси тирүү жетимдер (кароосуз калган балдар) көбөйүшү мүмкүн.
Канатбек Мурзахалилов, серепчи:”Жалгыз бой аялдардын санын азайтуу үчүн массалык түрдө көп аял алуу көйгөйдү чечпейт”
-Кыргызстан баш мыйзамга ылайык (светтик) мамлекет. Диний кызматкерлер өлкөбүздүн башка жарандары сыяктуу эле өз пикирин айтууга, аны сунуштоого толук укуктуу. Бирок көп аял алуу маселеси биздин мыйзамдарга каршы келип, полигамияга жол ачуу менен үй-бүлө инситутуна – күйөсү менен аялынын, атасы менен балдарынын, туугандар ортосундагы мамилелерге олуттуу доо кетирип, деградацияга алып келиши толук мүмкүн. Жалгыз бой аялдардын санын азайтуу үчүн массалык түрдө көп аял алуу көйгөйдү чечпейт. Менимче, маселени башка бир нукта — социалдык тенчилик, байгер жашоо, руханий, ыйман алкагында карап көрүү керек. Эмне үчүн бүгүнкү күндө коомдо ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны көп? Ажырашкандан кийин ошол эле ата-эне мыйзамда каралган алименттерди төлөбөйт…?Ушуга окшогон суроолор көп. Негизгиси үй-бүлөнүн коомдогу орду, ата-эненин баланын алдындагы милдеттери сыяктуу маселерди ошол эле дин кызматкерлери диний баалуулуктар жана канондору аркылуу калайык-калкка түшүндүрсө, мамлекет өз жарандарынын алдындагы милдеттерин так аткарып, жакшы жашоо үчүн шарт түзсө, эң башкысы адам үй-бүлө феноменин алдыңкы планга алып чыкса бул көйгөй көтөрүлбөйт.

Эмилбек Момунов, «Кабар» агенттигинин журналисти:”Бир аялды деле материалдык, моралдык жактан камсыз кыла алышпайт”
-Көпчүлүк жаш кыздардын өз теңин таппай, бактылуу боло албай жүрүшү бул — коомубуздун чоң социалдык көйгөйү. Анткени турмуштун айынан алардын көпчүлүгү Россия жана башка өлкөлөргө иштегени барышып, тагдырын тобокелге салышууда. Ал эми көп аял алуу маселеси көптөн бери көтөрүлүп келүүдө. Анткен менен иш жүзүндө айрым бай, колунда бар эркектердин, ошол эле дин кызматкерлеринин бир эмес, бир нече аялы бар экендигин көрүп, билип эле жүрөбүз. Себеби мыйзам жол бербеген соң, алар ушундай жолдорго барышууда. Албетте, турмушта экинчи аял алууга же турмушка чыгууга ар кандай себептер болот. Аны түшүнсө да, түшүнбөсө да болот. Ошол эле дин кызматкерлери экинчи же үчүнчү, төртүнчү аял алууга биринчи аялынын уруксаты болсо жол берилет деп жүрүшөт. Айрымдары төрт аялы болгон пайгамбарды да мисал келтиришет. Бирок көп аял алууга мыйзам жолу менен уруксат берүү аркылуу эле жалгыз бой кыздардын көйгөйүн чечүүгө болот деп айтуу кыйын. Себеби азыр көпчүлүк эркектер көп эмес. Бир аялды деле материалдык, моралдык жактан камсыз кыла алышпайт. Демек коомубуздагы жакырчылык, жумушсуздук маселеси кедергисин тийгизет. Ошол эле учурда экинчи, үчүнчү аялдан төрөлгөн балдардын укугу корголбой жатат. Ошондуктан бул маселени жети өлчөп, бир кесип дегендей, камырдай ийлеп, коомчулуктун талкуусуна коюп гана чечүү керек

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

шестнадцать − 15 =