К. Бокоев, ЖКнын депутаты:  “Электр энергиясын жаңы керектөөчүлөргө мамлекет жеткирип бериши керек»

0
36

 

Кыргызстан суунун мекени болгонубуз менен электр энергиясына болгон тартыштык же болбосо элдерге карата ал багытта эч кандай жеңилдиктер каралган эмес. Ал турсун энергияны өзүбүз өндүрүп жатып, аны калкты камсыз кылуу учурун да туура эмес пайдаланып жатканыбыз бар. Биздин өлкөдө эң кирешелүү жана тынымсыз акча айланып турган тармак –бул Электр ишканалары болуп эсептелет. Алар өндүргөн электр продукциясы тынымсыз сатылат жана ага муктаждык аябай күчтүү. Бирок, ошолго карабай Кыргызстандын Электр ишканалары өздөрү чыгарган продукцияны сатууда өз абоненттеринин укуктарын бузуп, өндүрүп чыккан электр энергиясын сатып алууда, аны жаңыдан муктаж болгон жаңы абоненттерге өздөрү сатып алууну, башкача айтканта зым чубалгыларын, устундарды, Трансформаторлорду элден акча чогултуп ишке ашырууну кылып келишет. Бул мыйзам боюнча туура эмес экенин, одоно каталарга жол берилип келе жатканын баарыбыз эле жакшы билебиз. Зарылдыктан улам, убакыттан уттурбастын амалы менен кечеңдеген тийиштүү тараптардын аракетинен кийин аны Элдик салымдар менен ишке ашырууну жалпы эл өз моюндарына алып келет. Мындай аракеттер туура эмес экендигин, пайда таап жаткан мамлекеттик мекемелер калкты электр менен жабдууну өз моюндарына алуусу керектигин жана ал мыйзамда дааны көрсөтүлгөнүн ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде көтөрүп, ал турсан аткарылбай жаткан мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизди. Ал аталган комитетте биринчи окууда жактырылды.

«Энергия жабдууларын сатып алуу жана орнотуу, жаңы керектөөчүлөрдү электр жабдуулары менен камсыз кылуу маселеси бөлүштүрүүчү компаниялардын карамагына киргизилүүгө тийиш экендигин максатка ылайыктуу деп эсептейбиз»-деди депутат, аталган комитеттин жыйынында. Бул демилге жана жазылган мыйзам Эл тарабынан чоң колдоого алынаары айдан ачык.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

8 + один =