МААНАЕВ ЫСЫК-КӨЛ ООРУКАНАСЫНДАГЫ ШАЛААКЫЛЫКТАРДЫ АПОГЕЙИНЕ ЖЕТКИРДИ ЖЕ КАРАКОЛ ТӨРӨТКАНАСЫНДАГЫ КОРКУНУЧТУУ ИНФЕКЦИЯ

0
352

bigАкыркы учурда Ысык-Көл областык бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жана бириккен оорукананын директору Токтобай Исраилович Маанаевдин тегерегиндеги шалаакылыктар, жоопкерчиликсиздик апогейине жетти. Бул боюнча, областтык, республикалык маалымат каражаттарында жазылып, тийиштүү жактарга арыздар жиберилген менен эч деле оңдуу чара көрүлбөй келет. Ал эми саламаттык сактоо министрлиги аны жазалоонун ордуна кайра сый көрсөтүптүр. Бир жагында төрөтканадан балдар инфекция жуктуруп майып болуп жатса, тигил жагынан “өлөт доорундагы той” болуп, министрлик директор Маанаевди “төрөтканада коркунучтуу инфекциянын чыгышана жол бердиң” дегендей сыйлашып, “эмгек сиңирген врач” кылып тойлошуптур…

АДАМДЫН ЖҮРӨГҮНҮН ҮШҮН АЛГАН КАРАКОЛ ТӨРӨТКАНАСЫ
80199851-F75D-465C-8224-7870FB15EC41_w650_r0_sКаракол төрөт үйүндөгү дарыгерлердин аракеттери эне түгүл уккан адамдын жүрөгүнүн үшүн алат, бир сөз менен айтканда төрөткана «бардакка» айланган, ар бир дарыгер өз билгенин жасашып, кой деген кожосу жок чаржайыт багытка түшкөн. Ошондуктан төрөт үйүн жабуу маселеси да турат. Ошондой, шалаакылыктар айынан жаңы төрөлгөн ымыркайларга инфекция кирип, алардын төртөө «остеомиелит» оорусуна кабылып майып болуп калышкан. Бул арызданып чыккандары гана дагы текшерилип жүргөндөр аз эмес. Анысы аз келгенсип энелердин эки-үч өлүмү дагы катталган. Дарыгерлердин мындай аракеттерин «мыкаачылык» катары бааласа болоор… Ошондой эле, төрөт бөлүмдө коррупциялык иштерге, кош бойлуу аялдардан мыйзамсыз акча чогултууга, врачтык этиканы унутуп сактабагандыка, моралдык-психологиялык абалдын начарлашына жол бергендиги үчүн катардагы врачтарды, акушерлерди эмес директор Маанаевдин өзүн жоопкерчиликке тартыш керек эле. Бөлүмдөгү аталгандай тескери көрүнүштөр, кемчиликтер бир күндө эле кокусунан чыга калган жок да, ал ырааттуу түрдө көптөн бери жолго салынып калганына терең акылдын же текшерип далилдөөнүн деле кажети жок. Эгер кемчиликтер жетекчиге мурда-кийин жетпеген болсо, анда аны байкабагандыгы үчүн деле жооп бериши керек болчу. Бирок, ошол кемчиликтерге өзүнүн шалаакылыгы, ишке кайдыгерлиги менен жол берген директор Маанаев эмнегедир жазадан кутулуп келет. Ишинен кеткенди кой, атүгүл сөгүш да албаптыр. Тескерисинче, 2017-жылы “эмгек сиңирген врач”болуптур. Былтыр төрөтканадан коркунучтуу инфекция күчөп, төрт бала майып болуп жатса, анын директору сыйлык алат. Же кыргызда колунда токочу бар бала сүймөнчүк болот дегени ушулбу? Ага сыйлык эмес, иштен айдаш керек болчу. Эми саламаттык сактоо министрлигинин мындай көңүл коштугун, же ырааттуу түрдө адам өмүрүнө шалаакылык менен мамиле жасагандарды сыйлаган “курсташчыл” мурунку министрдин жолуна жаңы министр түшө койбостур.
Бул айткандарыбыз боюнча, Ысык-Көл областык саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча Координациялык кеңештин отурумунун 2018-жылдын 16-февралындагы чечиминде областык бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү медициналык кызмат көрсөтүүнүн абалы канааттандыраарлык эмес жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, Т.И Маанаевдин ишине баа берилип, кызмат абалы боюнча маселе каралган менен жыйынтык али чыга элек.

КАРАКОЛ ТӨРӨТ ҮЙҮНӨН АЗАПКА КАБЫЛГАН ЭНЕЛЕР
Эмесе сөзүбүз куру кетпесин, төрөт үйүнөн жабыр тартышкан энелер: Жети-Өгүз району, Конкино айылы, Алапаев көчөсү №35 тургуну 09.09.1990-жылы туулган Гүлжигит кызы Айчүрөк; Каракол шаары, Восход кичирайону 11-37 жашоочусу Муратбекова Үмүт; Каракол шаары Жамансариев көчөсү 181-7 жашоочусу Кадырова Шахида; Түп району, Ынтымак айылы, Ленин көчөсүнүн жашоочусу 23.04. 1987-жылы туулган Дүйшөбаева Шайыркүл; Түп району, Арал айылы, Имадыл көчөсүнүн тургуну 26.06.1980-жылы туулган Азаева Айнура; жана Каракол шаары, Жусаев көчөсү №92 жашоочусу 11.03.1989-жылы туулган Өмүрканова Кундуз ж.б.лардын азапка түшкөнүнө көңүл бурсак.

ГҮЛЖИГИТ кызы Айчүрөк: “МААНАЕВГЕ КАЙРЫЛСАК АСАНБЕКОВА 2000 СОМДОН КАРМАТЫП КОЙДУ”
-Боюмда бар кезде анализдерим жакшы болчу. 2017-жылдын 8-мартында Каракол шаардык областтык төрөтканасында төрөтүм жеңил өтүп, кыз төрөдүм. Кыз саргайып (желтуха) болгонунан бизди дагы 2-3 күн кармаласыңар дешти. “Лампага кактайбыз”дешип балдардын патология бөлүмүнө котрушкан. 6-суткада УЗИге тартып “башында киста бар экен” дешти. Ага байланыштуу кызыма актовегин сайышты. Экинчи жолу сайганда ичи көөп, тынчы кете баштады. Бул уколдон эместигин айтышты. Үчүнчү жолу сайганда кызым онтоп, табы көтөрүлө баштады. Акыры жандандыруу бөлүмүнө түштүк. Баш-аягы ооруканада 28 күн жаттык. Убагында тура диагноз койбогондугу үчүн ириң денесине тарап кетип жатпайбы? Элмира Асанбекова рентгенди карап “дисплазия” деп, “баланы бир ай бир бөлмөдө эч кимди киргизбей карагыла. Анан Бишкекке алып барып карагыла” деп ооруканадан чыгарып салды.
Үйгө келгенде кызымдын ичи ооруп жатат деп ары-бери көтөрө бериптирбиз. Көрсө кызымдын сөөктөрү ириңдеп, ооруп жатканын билсем кана?.. Чыркырап ыйлайт, эси ооп 10 мүнөттөй уктайт, кайра ыйлай баштайт. Акыры, төрөтканадагы жандандыруу бөлүмүнүн башчысына барсам ал кызымдын бутун ачып көрүп, “Дароо Бишкекке жөнөгүлө” деди. Бишкектеги балдар ооруканасы кызыма “остеомиелит” деп диагноз чыгарышты. Кыздын бутуна ортопедиялык абдуктор аппаратын кийгизишти. Ошондо кызымдын 3 күн, 3 түн чыркырап үнү Кудайга жетти, жүрөктү эзип.

МААНЕВ МЕНЕН АСАНБЕКОВАГА АКЧА ЭЛЕ КЕРЕК ТУРБАЙБЫ?
Бишкектен инфекция өзүмдөн жукканбы деп сурасам, врачтар: “Бул энеден балага жукчу инфекция эмес. Бул оорукана инфекциясы. Киндигин кесип жатканда же укол сайганда жугушу мүмкүн” дешти. Врачтар маалында жакшылап карап койсо болот беле, эми балдар өнөкөт остеомиелит болуп, 2 категориядагы майып болуп калышты. Балдарыбыздын жыл айланган ыйы басылганда Каракол төрөтканасына, облустук оорукананын директору Т.И. Маанаевге кайрылсак, ал чакырды, бирок бизди Э.А. Асанбекова тосуп алып, кагаздарыбызды карабай эле, акча жагынан жардам бермек болуп үчөөбүзгө 2000 сомдон 6000 сом карматып койду. Буларга акча эле керек турбайбы деп туруп калдык. Анан ызаланып өкмөттүн аппаратына арыз жаздым. Ошондон кийин гана облустун врачтары чогулуш кылышты (08.02.2018-жылы болуш керек- авт. А.Б.). Анан өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери чогулуш кылып, марттын башында “силердин арызыңар прокуратурага кетти” дешкен. Ошондон кийин патология бөлүмүнөн бир медайым “арыз жазгандардын ар бирине 20 миң сомдон берели, кийин жардам берип турабыз” деп үйгө келиптир. Башында эле көңүл буруп колдоп коюшса болмок да. Сунуштарын кабыл алган жокпуз. Жооп жок болгондуктан жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрыла баштадык. Иш кайра жанданды. Прокуратурага барсак, 29-мартта гана арыз түшкөнүн айтып атпайбы, ага чейин биздин арызды ким кармап отурганы белгисиз. Өкмөттүн аппаратынан иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кат келди: “Кызматтык иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча арызда көрсөтүлгөн фактылар тастыкталды” деп. Оорукананын директорунун орун басары өз каалоосу менен жумуштан кетиптир, ал эми Элмира Асанбекова бөлүм башчылыгынан түшүп, кадр жетпегенине байланыштуу убактылуу катардагы врач болуп иштеп жатыптыр. Министрликтен комиссия түзүлгөн, жыйынтыгы апрелдин аягында чыгат деген, дале чыга элек. Убакытты чоюп отуруп, же ары эмес, же бери эмес жыйынтык чыгарып коюшат го деп корком. Арыз жазган төртөөбүз, андан сырткары дагы үч адам балдарын текшертип жүрүшөт.
АЗАЕВА Айнура: “Көрсө, төрөтканада остеомиелитти козгоочу стафилококк бактериясы бар экен”
-2017-жылдын 16-марттында Каракол шаарындагы төрөтканага баргам. Кан басымым жогору болуп, 17-мартта кесарово жолу менен уул төрөдүм. 5 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттым. Анан балдардын патология бөлүмүнө которулдук. Балам 1-2 күн жакшы эле жүргөн. Анан врачтар “балаңдын башында гематома бар экен” деп дары жазышты, актовегин дарысын сайышты. Биринчи түнү баламдын дене табы көтөрүлүп, ыйлап чыкты. Эртеси дагы актовегин сайышты, ал түнү баланын табы 39 чейин көтөрүлдү. Көрсө ошондо эле инфекция жайыла баштаган окшойт. Сол жак бутунун тизеси шишип, кол тийгизбей 3 күн ыйлады. Чыдабай калганда балдар патология бөлүмүнүн башчысы Асанбекова Элмирага барсак, рентгенге тартып “балаң дизплазия, сөөгү жетпей турат. Эч кандай эмдөө кылбагыла, бир айдан кийин келесиңер” деп ооруканадан чыгарып салды.
Көрсө, остеомиелитти козгоочу стафилококк бактериясы бизден мурун деле ошол төрөтканада бар экен. Анткени, арыз жазган энелердин арасында Шахида Матухтаеванын баласы 2016-жылы остеомиелит болуптур. Төрөт үйү дезинфекция иштерин жүргүзүшү керек эле да. Канчалаган баланын убалына, ата-эненин көз жашына калып жатышат?!
Төрөтканада баш-аягы 12 күн жаттым. Үйгө келгенде деле баламдын ыйлаганы басылбаганынан кайра Караколго келдик, Элмира Асанбекова көрдү, бирок эч нерсе кылган жок. Анан Бишкеке 17-апрелде келсек, врачтар дароо остеомиелит деп диагноз коюп, “көпкө дарыланышыңар керек” дешти. Жаңы төрөлгөн, эч нерсе айта албаган наристе кандай кыйналды?! Эне үчүн баласынын кыйналганын көргөндөн артык азап болбойт экен. Эртерээк барганыбыз үчүн врачтар оору терең жайылып кете электе токтотуп калышты. Күтүүдөн өткөн жаман нерсе жок экен. Арызданчу жердин баарына арыздандык. Баары эле “күткүлө” дешет, күтүп жатабыз…
(Уландысы бар)
Асылбек БЕКТЕНОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два × четыре =