Мамлекеттик ички карыз 449 млн

0
59
Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызы 4 миллиард доллардан ашканын финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, 2017-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик тышкы карыз 280,9 миллиард сом же 4 миллиард 81 миллион долларды түзгөн.

«Бул ИДПнын 56,9 пайызын түзөт. Биз Россия менен 240 миллион доллар карызды жоюу боюнча келишимди кабыл алганбыз. Аны жакында эле Россиянын парламенти ратификациялады. Февраль айында Россия президенти да кол коет деп үмүттөнөбүз. Ишке ашып калса тышкы карыз 240 миллион долларга азаят, бул ИДПнын 3,3 пайызын түзөт. Буга ылайык өлкөнүн карызы ИДПнын 53,6 пайызын түзүп калат», — деди министр.

Ведомствонун маалыматына караганда, мамлекеттик ички карыз 449 миллион.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

один × три =