Мандатты го аласың,  май көчүк болсоң, “чимкирик” атка каласың!

0
9

 

     Мына, өлкөнүн кийинки саясий жолун аныктай турган депутаттык такты үчүн талаштын биринчи күнү башталды. Бизге маанилүүсү кимдин кийиминин жакшы-жаманы, кебете-кепшири, кай жергидиги, кандай уруудан же канча акчасы бар экени маанилүү эмес, башындагы мээсинин быдыры маанилүү. Ар бир өткөн өлкөдөгү шайлоонун окшоштугу мурункусунан айрымаланбаганы менен ар бир талапкерде, партияларда өзгөрүүлөр бар. Ал, болгону  жаңы жүздөрдүн аралашканы. Болбосо, калганы баягы эле. Акчасы да, лидери да.

Бул шайлоо деле мурунку шайлоолордон эч айрымалана албайт. Сыягы, акчанын ролу көп болот. Аны коомго жаңылык кылып айтып чыгуу деле акылга сыйбайт. Дал ошол акча, азыр ар бир үйдү аралап жүрөт. А дейбизби, Б дейбизби бактыбызга жазган шайлоонун шайдоот мүнөзү ошол экен. Анын үстүнө акыркы эле пандемия ылаңы, баарыбыздын шайыбызды оодара түшкөнү да дал ошол акчанын курмандыгы болууга чоң шарт түздү окшойт. Ачка отурган коомду, акча менен алып, аны артыңан ээрчитип алуу оңой тура. Партиялардын максаты деле ошону кыйгап өтө албай, кыйын учурдагы кыргызды “соодалайын” деди окшойт.

“Той болот, тойдун эртеси да болот”-дегендей, шайлоо да болот, шайлоонун эртеси да болоор. Багы чуркаган партия бакыйып мандаттарга ээ болуп, кресло кучактап калат. Максатка муну менен эле жетпейбиз. Дал ошол мандаттын артында, миллиондогон кыргыздын кубанычы, жыргалы, бактысы же кайгысы, көз жашы турушу мүмкүн. Ошону эстен чыгарбоо керек.

Ар бир шайлоо бир өлкөнүн саясий багытын, экономикасын, өсүп-өнүгүүсүн, келечегин аныктайт. Мына ошол жолдун бири бүгүн башталды. Ал, алдыда турган шайлоо.

Баарыбыз эле бапырап, баягы эски оорунун этегинен түшүп бараткандайбыз. Кал берсе мамлекеттик айрым аткаруу кызматы деле ошондой. Кандай? Кош көңүл. Шайлоо башталбай жатып, жаакташкан ыксыз тараптар көбөйдү. Албетте, мыйзамдуулук же тартип керек. Бирок, аларды тескеп, мыйзамдуулуктун туу чокусун көрсөткөн бир мекеме жок. Эл деген, эл. Эби келген жердин жибин оңой эле кое бербейт. Аптешке,  чаптеш аракеттер боло берсе, “ай когйлула” деп ким айтат эле? Тийиштүү мекемелер, укукчулар болчу. Алар деле дым-дым. Президент “көзүңөрдү ачкыла” дегендей кылды. Ага деле аракет жок. Эл ишеними деле анчейин эмес. Биз ошондо бул шайлоону кантип, кандайча өткөргөн жатабыз, түк түшүнүп болбойт. Буга чейин ураалаган патриоттук духтар, келечекти ойлогон жаштар деле, мамлекеттин маанилүү эртеңкиси үчүн эмес, мандат үчүн эле бараткандай. Эми аны аракеттеринен улам акырын байкап турабыз да. Балп этип мандат алганда эле, акылыңа акыл, ар-намыс, абийири кошулуп калбаса керек. Ушул кезден ошолорду көрсөтүп, эл үчүн күйүп берээр татыктуу талапкерлер  көрүнбөй жаткандай. Ар кимдин адамдык асыл сапаты бар, аны сыйлайсың. Бирок, адамдык сапат менен эле талапкерликке татыктуулугу бүтүп калбайт экен. Буга чейинки позиция, намыс, акыл эс, туруктуулугу да бир топ роль ойнойт эмеспи. Ошолорду ойлосоң, бул парламентке келчүлөрдүн деле келечеги кемтик боло тургандай. Бир дагы жаш же карт бөрү талапкерлердин деле ойлонтчу ойу, ниетин көрө алган жокпуз.

Кыргызстандын тагдыры кырдын учунда, кылычтын мийизинде турат. Чек арабызды улам бирөө аттап өтүп атып, ал бир саамга токтоп кайра эле каргашалуу күндөр кайталанып жатат. Аны кантип чечебиз, жолу барбы дегендерди чакан чөйрөнүн ичинде талкуулай алган жокпуз.

Кен байлыктардын тагдыры эмне болот, экономикалык өсүш берген менен эртеңки экологиябызды эңшерип албайбызбы (?) деген мээ терметкени деле жок. Алтындын баасы асманга жетти, бир унцийи дүйнөлүк рынокто 2 миң доллардан сатылууда, алтыныбызды текейден арзанга берип, экономикалык өсүш издеп жүрөбүз дегени деле жок.

Тышкы карызды болсо кайтаруу такыр эле токтоду. Аздан кутулган лимитибиз түгөнүп, эртең 5 млрд.долларга жеткен карыздын жарымын берген Кытай 1 мрд. 700 млн карызын сураганы олтурат. Оозубузду ачып, ошолорго жерибизди тарттырып ийбейбизби деген да кооптонуу бар. Аны ойлогон киши жоктой. Ойлосо да, оңдуу жооп тапканы, элдин көзүн ачканы али күнчө жок.

Балакет баскан ооруунун “экинчи толкуну келет экен” деген сөз баарыбыздын жүрөгүбүздү түшүрдү. “Балдарга тиет экен” дегенде, башыбыз маң. “Кудай ошолорду сактасын”- деп, ичкен ашыбыз ириң болуп олтурат. “Сактыкта кордук жок”-деп, ал балакетти алдын алган, андай учур болсо эмне кылабыз деген дагы жан жок. Эми аны аткаруу өкмөтү кылып жатканы менен алдыда убада берчү ушул шайлоодо, жок дегенде кийинки келечектин жогорудагыдай талылуу прблемалары алар программасын чыгарганга чейин эле кызуу талкууга алынып, айрым талапкерлердин чыныгы жүзү, позициясы билинип калса болбойт беле. Баягы эле ит талаш кайдагы жоруктарыбыздан жоон топко кошула албай турабыз. Талапкерлердин эмне үчүн татыктуу экендигин бир эле анын жердешчилиги, тааныш-билиштиги үчүн эле макталып жатканынан улам аңдап жатпасак, алар эртең эли үчүн эмнелерге мээси жетээрин билгенибиз деле жок. Шайлоонун, мандат алгандын акыркы күнүдөй эле жулунуп жатканыбыз дагы бар.

Бул шайлоодон кийин алган мандаттын бийиктиги, милдети, анты анан кусуру жеңил эмес. Баягыдай желпилдеп Кыргызстанды саздан сазга сүйрөй албайбыз. Ойлонуунун, акыл калчоонун, намыска туруунун, келечекти чындап ойлоонун чегине жеттик. Эми ойлнбосок оңбой калабыз. Мандат алып элге иштеп бергендин артында жакшы сөз калат, иштебесе коомчулук тарабынан пайда болгон “чимкирик” наамын алаарында шек жок…

Баймырза НАКАЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

18 + 3 =