Европа футбол Лигасынын жооптук жарым финалы өттү. Анын жыйынтыктары УЕФА сайтына жарыяланды.
«Манчестер Юнайтед» өз талаасында «Сельта» менен ойноп 1:1 эсебинде теңме-тең аяктады. Алгачкы оюнда «Юнайтед» 1:0 эсеби менен утуп чыккан, эки оюндун жыйынтыгы аркылуу ал финалга чыкты.
«Аякс» жарым финалда “Лион” менен ойноп,1:3 эсебинде утулуп калган. Биринчи оюнда «Аякс» 4:1 эсебинде уткандыктан, 2:0 менен турнирдин финалына жолдомо алды.
Европа Лигасынын финалдык беттеши 24-майда Стокгольмдо өтөт.