Матраимовдун өкүл баласы Ташиевге жолукту

0
16

Буга чейин интернетте Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун коомчулукка кайрылуусу чыккан. Анда Сайпидинов УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге ачык кайрылып, укук кызматынын өкүлдөрү анын үйүн мыйзамсыз текшерип жатканы айтылат. Видеодо Сайпидинов Матраимовдун өкүл баласы болоору чындык экени, ал үчүн Жээнбековдордун учурунда дагы куугунтук болгонун айткан. Кечээ УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Сайпидиновду кабыл алган.  Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө УКМК башчысы М.Сайпидиновдун арызын угуп чыгып, тиешелүү бөлүмдөргө видео кайрылуудагы баардык маалыматтар объективдүү жана ар тараптуу изилдеп чыгуу тапшырмасын койгон. Ошону менен бирге Ташиев жеке өзү эч кандай саясий жолдор менен алектенбегенин, айтылып жаткан ар кандай иштерде анын аракеттери болбогонун айткан.

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемь + 3 =