“Мекеним Кыргызстан” партиясы Кыргызстан үчүн  канчалык коркунучтуу?

0
176

Бул партиянын аты Кыргызстанда акыркы кезде жакшы эле таанылып бүттү. Албетте, жакшы жагы менен эмес. Өтө коркунучтуу жагы менен. Буга эмнелер себеп болду?

Билишибизче, Бажы тармагындагы  Кыргызстандын казынасын толтуруп турган миллиардаган акча киреше эсептерине каймана ээлик кылган Раимбек Матраимовдун бул партияга ээлик кылаарынан улам болууда. Ооба, анысынан эч ким шектенбейт. Ал турсун коомчулукта “коррупциоенер”  деген балакет  сөздү, “Раим миллион” дегендин эле синоними сыяктуу элестете баштадык. “Азаттык” үналгысы Раимбек Матраимовдун Кыргызстандын бажысын кантип тоноп жүргөнүн коомго ачыктаганын жакшы билебиз. Ага чейин деле анын аты коррупция иштерине байланыштуу айтылып эле келе жаткан. Өкмөт башы болуп турган Бабанов дагы азуусун салып, ачык айтканы менен акырына чыга албай, акчанын күчү жеңип кеткендей болгон. Тилекке каршы, Атамбаев деле ал кишинин “акчасынан” айланып өтө алган эмес. Кыязы, шайлоолордун баары Кумтөр анан ошол “Раим миллион” акчалары менен адалданып, азыркы кейпибизге келсек керек. Дал ошондой…

Кийинки Президент С. Жээнбеков деле адалсынганы менен Раимбек Матраимовду ачык эле колдоп, килтейген кыргыз басылмасы менен болгон жолугушууда, түз берилген тырнактай журналисттин суроосуна “фактыңар бар болсо бергиле” дегенден башканы айта албай кутулган. Сыягы, Жээнбековдордун деле элге болгон ишеними дал ушул жерден кетип, жарака пайда болгондой болду. Абалы азыр жакшы эмес. «Шайлоонун арты жакшы болбойт» деген кептин төркүнү деле ушул партияга байланыштуу болсо керек. Анткени, Президенттин жообу, тагыраагы “фактыың барбы?” жообу, эл ичинде лакапка айланып, аферистердин доорунда жашап жатканыбыздай түр калтырды.

Ошентип Раимбек Матраимов ажо тараптан дагы колдоо тапканы билинип, карапайым элдердин жүрөгүн тилинип калгандай болду. Матраимов канчалаган далилдер келтирилип, фактылар айтылып жатканына карабай, акчанын күчү менен ар кандай басылмаларды жалдап, фейк аккаунттарды аттантып,  суудан кургак чыктым дегени менен ушул кезде ал тууралуу коомдук пикирдин келечеги өтө коркунучтуу.

Ушул кезде ал ээлик кылган “Мекеним Кыргызстан” партиясы дагы шайлоого аттанды. Арасында өлкөнү өмүр бою тоноп, сазга батырган, Акаев, Бакиев, Атамбаев бийлигинин амалдуу “акча жасагыч” шылуундары бар экени ачык эле көрүнүп турат. Адилеттик үчүн айта кетсек, баары эле “мокочо” эмес, татыктуу жаш талапкерлердин бар экени да жалган эмес.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын эң коркунучтуусу, алардын ичинде позициясы жок, мекен үчүн эмес, өзү үчүн өлүп берүүгө даяр, кубулма, сатылма талапкерлердин көп экендиги. Президентти чүлүктөгөн Раимбек Матраимовдун “акча менен болсо да утуп чыгат, бийлик бул партияны колдоодо” деген түшүнүк менен түптөлүп алган партиянын эртеңки келечеги кандай болушу мүмкүн? Албетте, жакшы сөздү, адам укпаган акылды, кол жеткис убадаларды айта берүүдөн өткөн оңой иш жок эмеспи. Бүгүн алардын убадалары укмуш. Бирок, кандай гана убада беришпесин, алардын келечеги “Раим миллион” сыяктуу адамдардын алардын артында турушунан коркунучтуусу жок. Уккан кулагыбызды эмне жазык. Узун кулактык кылып укканыбызга караганда, шайлоодо  бул партия жеңип келсе Матраимовдун “өкмөттү биз курабыз” деп опурулуп жатышы, өлкөнүн эртеңкиси үчүн өтө коркунучтуу. Опурталдуу. Кыргызстан бүгүн бели бекчейип, экономикалык алсыздыктан араң турат. Анын Матраимовго окшогон коомчулукта “коррупционер №1” атыккан адамдар баштап,  сатылма жүздөр, криминалдар аралашкан адамдар биздин өлкөнүн келечегин аныктоочу аткаруу өкмөтүн ушулар түзсө, келечегибиз кандай болоор экен? Кандай болсо да бул партиядан элдердин эси кетип секирип жатышы, кыргыз элинин ополтоодой ойлонуп жатышынан кабар берет. Ошентишсин.

Алдыда сөздөр көп. Матраимов баштаган бир топ бул партиядага коррупционерлердин “жүзүн” ачууга убакыт келди!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двадцать − восемнадцать =