Коррупция ачык айтылды, Башкы прокурор не дейт?

0
40

 

Бишкек шаарындыга №29 мектеп-гимназиясы менен №14 мектептин ортосунда тирешүү пайда болуп, бул чуулгандуу иштер мэрияга чейин жеткени маалым. Чыр чатак иштин чоо-жайы мындай. Кыргыз тили багытындагы №14 орто мектебин №29 мектеп-гимназиясынын курамына киргизүү аракети көрүлгөндөн улам башталган. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева баштаган  атайын топ ушул эле жылдын 24-мартында №14 мектепке барып директору Гүлназ Сарыгуловага жолугуп, №29 мектеп -гимназиясына балдар батпай жаткандыгын айтышып, №14 мектептин жогорку классынын балдарын аталган гимназияга окутуу керектигин, башталгыч класстар ошол эле №14-мектепте окуй беришерин айтышкан.
Сөздүн кыскасы, кыргыз тилдүү багыттагы №14 мектеп имаратын орус тили багытындагы №29 мектеп-гимназиясынын кошумча имараты катары пайдалануу максаты болууда.
Вице-мэр Мозгачева баштаган шаардык билим берүү башкармалыгынын бул аракетине, №14 мектепте окуп жаткан балдардын ата-энелери каршы болушуп жаткандыгын «Стоп Беспредел» маалымат булагынын журналистери чагылдырып чыгарышкан.
Кызыгы, ал жерде ата-эненин бири  №29 мектеп гимназиясынын директору Бактияр Кадыровдун кррупциялык жолдорго барганын ачык эле айткан. Маалыматта  ал, бир учурда баласын гимназияга киргизүү үчүн Бактияр Кадыровго киши салып отуруп 22 миң сом акча берип киргизгенин айтат. Ошону менен бирге акча чогултуу дагы бул гимназияда гүлдөгөн дейт ал.
Коомчулукка мындай ачык айтылган коррупция иштерине Башкы прокуратура чара көрө алабы же атайын арыз түшпөгөн соң, мыйзамды «урматтоочулардан» болушуп отуруп калышабы?

 

#СтопБеспредел Бишкек #Мэрия

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

семь − три =