Мектептен мечиттин даабаты артык болуп жатабы?  

0
394
SONY DSC

Кечээ Т.Сариевдин төрагалыгы алдында билим берүү системасын жакшыртуунун базистик планын талкуулаган жыйында учурдагы билим берүү тармагындагы маселелер курч турганын, бул тармактын ордун  ар кыл диний кыймылдар ээлеп жатканын билдирип, тезинен чара көрүү зарылдыгын көрсөттү.

«Учурда өлкөдө 2669 мечит, 67 медресе бар. Ал эми мектептер саны 2027 болсо, 52 жогорку окуу жайы иш алпарууда. Бүгүн мечиттер мектептин санынан ашканы эле тенденциянын кайда бара жатканын көрсөтүүдө. Биз мындай абалды сезип, тенденциянын кооптуулугуна карата чара көрүшүбүз керек», — деди Сариев.

Муну менен катар премьер-министр мындай тенденцияны башка нукка бурууда коомчулук, мугалимдердин орду жогору болушу керектигин кошумчалады. Чыны ошондой болуш керек эле, бирок билим берүү министрлиги саясатташып, белчесинен баткакта булганып жатса, анан кайдагы тарбия, кайдагы насаат. “Ишенген кожом билим берүү министрлиги болсо, алды-алдыңан тал карма” болуп, андан көрө, чала сабат болсо да молдокелердин даабаты артык эмей эмне…!

Эл деми

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 × 3 =