Мигранттар акчасын Орусияда иштетет

0
548

Орусиядагы мигранттардын Кыргызстанга салган акчасы кескин азаюуда. Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча былтыркы жылдын январь-май айларына салыштырмалуу быйыл мигранттар которгон акча 37% кыскарган.

2014-жылы Орусиядан Кыргызстанга жалпысынан эки миллиард доллардан ашуун акча которулганы белгилүү. Эксперттер акча которуунун кыскарышын рублдын куну түшкөнү менен байланыштырса, айрым мигранттар топтогон каражатты иштетүүгө Орусияда жагымдуу шарт түзүлүп жатканын белгилешет.

Он үч жылдан бери Орусияда иштеп жүргөнСайрагул Көчкөнбаева рубль арзандагандан кийин тапкан акча кара курсакты багууга гана жетип калганын айтат.
— Мурун рублдын курсу жакшы эле. Үй-бүлөңдү кенен багат элең. Тапканыңа жарактуу бир нерсе кылсаң болот эле. Азыр рублдын курсу төмөн болгондуктан бир гана курсакты багасың. Андан башкага  жетпей жатат. Бул жолу келгениме алты ай болду, аша турган акча топтой элекмин. Азыр 30-35 миң рубль табам. Мурун бул акча сом менен 45-50 миң болот эле. Азыр болсо сом менен айырмасы жок болуп калды.

Орусияда иштеген кыргыздарОрусияда иштеген кыргыздар

Курулушта иштеген Тариэл Курбанов бир айлык акысынын 80% Кыргызстанга жөнөтөт. «Мендейлер – жарым миллион » деген Тариэл мамлекетмигранттардын акчасын туура иштете алса,эмдигиче канча деген жумуш орду түзүлмөк деп суроо койот.

— Күчкө толгон улан-кыздарыбыз ушул жерде жаштыгын өткөрүп, Орусиянын экономикасына салым кошуп, тапканын Кыргызстанга жөнөтүп жатат. Канча жылдан бери Кыргызстан мигранттардан миллиарддаган түшүм алды. Ошону мамлекет туура колдонсо, Кыргызстан өнүгөт болчу. Алар жумуш ордун түзсө, бирөөнүн элинде кылган ишти биз Кыргызстанда кыла албайт белек?! Биз Кыргызстанды гүлдөтүп жибермекпиз.

Айшакан Мамашева Кыргызстанга акча которбой калганына бир топ болгон. Азыр болгон каражатына Москвадан чакан бизнес ачып,иштетүүнү чечкен. Тапкан акчаны иштетүүгө Орусиядагы шарттар Кыргызстанга караганда жагымдуу көрүнөт.

— Мен Кыргызстанга акча салбаймын. Жакында эле барып, түңүлүп келдим. Чоң кызыма дагы Орусиянын жарандыгын алып бердим. Бул жактан ижарага кафе ачып берейин деп жатам.  Орусияда нанын таап жешсин. Мурун балдарым Кыргызстанда жүргөндө акча жиберчүмүн. Азыр топтогон бир миллион рубль акчама бул жактан иш ачабыз. Кыргызстанда кафе-ресторан ачууга чоң акча керек экен, анан тойлордо гана киреше болушу мүмкүн экен. Адамдардын баары Орусияда жүрүшөт. Ал жакта бала-бакыра карагандар эле калгандай.

Кыргызстандык ишкерлердин биримдигинин жетекчиси Кубанычбек Кожоев Орусияда чакан же орто ишкердик ачкан кыргызстандыктардын көбөйүп бара жатканын белгилейт. Орус рыногу ишкерлер үчүн кирешелүү. Ал эми чет жактагы мигранттардын инвестицияларын Кыргызстанга тартуу боюнча кыргыз өкмөтү атайын саясат жүргүзүшү керек эле дейт Москвада жашаган Кожоев.

— Акыркы убакта бул жакта жеке ишкердик менен алектенген мекендештердин саны көбөйүп бара жатат. Адамдар жогорку деңгээлге көтөрүлүп, бир эле жалданып иштебестен, өздөрү чакан ишкердик ачып жатканы жакшы көрүнүш. Бул жерде рынок чоң, товарды сатып алчу же кызматын колдонуучу кардарлар дагы көп. Мекендештер кайсы жерде ишкердикке оңой жана кирешелүү болсо, ошол жакка барышат да. Эмгек мигранттарынын инвестицияларын Кыргызстанга тартуу боюнча өлкөдө атайын саясат жүргүзүлүшү керек эле. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кандай шарттар түзүлүп жатканын мен билбейт экем. Мамлекет ошол эле ГЭСтерди куруу же тоо-кен өндүрүү боюнча элдик акционердик ишканаларды ачып, мигранттардын акчасын тартса болмок. Бирок алардын баары ачык-айкын жарыяланып, иштетилиши керек. Элдер ошондо өз акчасын ошол акцияларды сатып алууга жумшашы мүмкүн эле.

Адистер болсо Кыргызстан мигранттардын акчасын өлкөгө тартуу жана аны максаттуу иштетүү боюнча атайын шарттарды түзбөсө, Орусиядан жөнөтүлгөн каражаттардын көлөмү мындан дагы кыскарып кетчүдөй деп болжолдошот. ​

 

http://www.azattyk.org/content/russia-migrant-remittance/27073233.html

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

2 × 2 =