Милиция жерчилер менен «соодалашуудабы?»  

0
290

Чүй облустук ИИБтин маалымат катчысы билдиргендей, 2009-жылдан 2010-жылга чейин элдин ишенимине кирип, алдоо жолу менен жер сатып шылуундук кылган Жанна Султанкулова жана Чолпон Ажыбекованы Сокулук районунан кармады. Бул экөө жакында эле эки жолу кармалып, эки жолу чыгарылганы айтылган эле. Эми, дагы камалды. Алар Сокулук районуна караштуу Ново-Павловка айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелерин  2,5 доллардан 5 миң долларга чейин сатып, анан кайра эле ал жерди башкаларга сата беришкен. Бир күндүн ичинде арыз менен 4 жаран кайрылган. КРдин кылмыш кодекси негизинде, 166-берене менен кылмыш иши козголду. Деги булар менен укук коргоо органдарынын мышык-чычкан ойноп көнүп алыштыбы, же тигилерби? Түшүнүп болбойт. Эгер кайра чыгарып жибере турган болсо, камап эмне кылат дейбиз да? Же булар менен “соодалашуу” жүрүп кетип атабы?…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

один × 5 =