Миллиондорду «сугунган» Сарпашевди кайра кантип жетекчи кылса болот?

0
22

 

Бүгүн Бишкек шаарындагы “Тазалык” ишканасында жумушчулар тарабынан нааразычылык иш чарасы болду. Алар ишканага жаңы келген жетекчини кабыл албай, мурда иштеп кеткен Рыспек Сарпашовду алып келишин мэрден талап кылышууда. Маалыматтарга караганда Тазалыктагы нааразычылык иш чарасын Сарпашов уюштурганы тар чөйрөдө айтылууда.

Ар бир  алмашылган мэрдин тушунда “Тазалык” ишканасында мына ушундай ызы- чуу коштолуп келет. Кызыгы, баардык талаштар дал ушул Сарпашевге байланыштуу болгону кызык.  Айта турган болсок, калаа башчылыгына Кубанычбек Кулматов келгенде дагы “Тазалык” жетекчилиги талашка түшүп, дал эле бүгүнкүдөй митингдер болуп, Кулматов  жетекчи орунга Сарпашевди алып барган. Кийинкиси, Азис Суракматов мэр болуп келгенде  да Рыспек Сарпашев “Тазалыкты” жетектеген. Бул орунду өзүнү менчигиндей эле көргөн Сарпашев, ошол аралыкта бир топ эле миллиондорду туйтунуп, ал турсун аны жактаган команда түпөөгө да жетишкени маалым.

Укканыбызга караганда “Тазалык” ишканасынын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашев 55 миллионго жакын акчанын изин суутуп, бир топ мыйзамсыз иштерди жасагандыгы боюнча иши тергөөдө жатканын укканбыз бар. Ал аталган мекемеде иштеп турганда өзүнүн жакын кызматкерлерине мыйзамсыз айлык бергени да айтылып калат. Ал кызматта турганда анын пресс-катчысы  16 миң сом айлык  алат деп айтылганы менен колуна нак 80 миң сом айлык алып келгени белгилүү болгон.  Эгер анын катчысы эле ушунча айлык алып жаткан болсо, Сарпашев канча айлык алып жүргөн? Булар тыкыр иликтениши керек.

Аз күн мурда  шаар жашоочуларынын баш ооруусуна айланган мусор полигонуна бөлүнгөн  миллиондогон евронун желинип кеткенин текшерүү боюнча ЖКте атайын комиссиясы түзүлгөнү, “тазалыкка” жаңы жетекчи  болуп УКМКнын кызматкери барганы, мэрдин Тазалыкты тазалайбыз дегени, мүмкүн Сарпашевдин жүрөгүн түшүрүп, абактын абасы анын астанасына уруп жаткандай таасир калтырып жатса керек. Айтор, тыйындуу жер үчүн тынчыбаган Сарпашевдин былыктарын жакында угат окшойбуз.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

6 − 6 =