Министр Алымкадыр Бейшеналиев УКМК улам суракка чакырып жатканын басылмалардын бирине маалымат берди. Анын айтымында, УКМК Жети-Өгүздө медайымдар күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чара тууралуу сурашкан. Кыязы, ал иш чарага карата коомчулукта айтылып жаткан 100 ми= сом боюнча жүргөн. Министрдин айтымында иш-чарага медайымдар өздөрү 100 миң сом акча чогулткан. Жети-Өгүздө акча чырына байланыштуу кармалган кыз УКМК кызматкерлеринин коркутуусуна кабылганын, алар менен жалгыз калтырбоону министрден сурангандыктан ага министр арачы болуп, кызды үйүнө жеткирип, ата-энесинин колуна тапшырган. “Кармаса кармасын. Эч кандай күнөөм жок да. Бир кызды ата-энесине бергеним үчүн камап коебу? Же жанагы 100 миң сомду албай койгонум үчүн камайбы? Кафеде төлөп жатканда алар ойлоптур да Бейшеналиевге берет, ошондо кармайбыз деп”, — деди министр. Учурда Бейшеналиев Германияда иш сапарда жүргөнүн, Кыргызстанда 1-июнга чейин болбой турганын ырастады. Эгер Германияга иш сапары менен кетсе жарым ай эмне болгон иши чара, аны да ачыктап койсо болмок экен.
УКМК Жети-Өгүздө 100 500 сом пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусу боюнча саламаттык сактоо министрлигинин координатору, Каракол шаарынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору кармалганын билдирген. Азырынча бул боюнча министрликтен жооп боло элек.