Министр Иманов менен облус жетекчиси Сулаймановдун дипломдору мыйзамсызбы?

1
63

 


Мындан бир канча күн мурда УКМК дипломдордун мыйзамдуулугун текшерүү аракетинде, мамлекеттик жогорку кызматтагы эки адамдын дипломдору мыйзамсыз болуп чыккандыгын кабарлаган болчу. Аты аталбаган аларды соц тармактарда ачык айтып чыгууну талап кылып жатышат. Бирок, дале болсо ачыгы айтыла элек.
Айрым соц тармакты колдонуучулар, алардын ким экендигин так кесе айтып чыга баштады. Нурчик Искендеров деген ФБ колдонуучусу, кечээ өзүнүн баракчасына алар Санарип министри Талант Иманов менен Министрлер кабинетинин төрагасынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Алтынбек Сулайманов экенин жазып чыкты.
«Эмнеге УКМУ алардын атын коомчулукка ачык айтпайт. Мен айтам. Алар Санарип министри Талант Иманов жана Министрлер кабинетинин төрагасынын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Алтынбек Сулайманов. Эмнеге бул экөөсү ушул кезге чейин өз кызматтарын ээлеп отурушат? Же дипломдордун мыйзамдуулугун текшерүү аракети карапайым катмар эле үчүнбү?»-деп суроо салат Искендеров. Бул маалыматтын чындыгы канчалык болот, аны убакыт көрсөтөт. Азырынча, Иманов менен Сулайманов тараптан эч кандай жооптор жок.

УКМК буга чейин жасалма дипломдорду берген бир топ университеттердин атын атап, алардын ичинен эң көп мыйзамсыз диплом берген Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети аталып, 28 диплом, Кыргыз улуттук агрардык университетинде 11 диплом, И. Арабаев атындагы универститетте 5, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия академиясында 5 диплом текшерилип жатканын айткан эле.

1 КОММЕНТАРИЙ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × четыре =