«Мурунку жетекчи ушундай иштердин артынан кеткен, анын жолун кайталап ишимден ажырап калгым келбейт»

0
626

Элмирбек МАМЫТОВ, Сокулук шаар курулуш жана архитектура башчысы:

Новопавловка айыл аймагындагы №498, 519, 520 контурларындагы мыйзамсыз курулуп жаткан курулуш иштерине архитектуранын да тиешеси болбой койбойт. Себеби жогорудагы контурларда жер саткан адамдар колдорунда генпландарын көтөрүп сатып келишет. Генплан кандай түзүлөт, кимдер тарабынан бекитилет жана трансформацияланбаган жер тилкелерине генпланды кимдер чийип берген деген суроолор туулбай койбойт. Ушундан улам Сокулук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысына суроо узаттык.

– Новопавловка айыл аймагында жер сатуучулар №498, 519, 520 контурда жайгашкан жер тилкелеринин генпланын көтөрүп жерлерди сатып жатышат. Генпланга архитектура дагы кол коюп, уруксат берет эмеспи, жер саткандар кандай жол менен генплан чийип сатып жатканына архитектура көзөмөл жүргүзбөйт. Балким архитектуранын кызматкерлери менен жер саткандар биргеликте иш алып барабы?
– №519, 520 контурдагы жер тилкелери трансформация болгон эмес, өз алдынча курулуш жүрүп жатат. Учурда укук коргоо органдары мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми №498 контурдагы жер тилкеде 12 гектар жер трансформация болгон жана алардын ээлери Т. Рысалиев менен К. Дүйшөнкуловага тиешелүү үлүш жерлер. Бул мамлекеттик каттоонун берген маалыматы. Трансформацияланган жерлерге кызыл китеп чыгарган үчүн мамлекеттик каттоо жооп кайтарат. Элдер колдорунда кызыл китеп болсо эле аны дыйканчылык үчүн берилгенин түшүнбөстөн, үй курууга киришип жатышат. Кызыл китепти берип жатканда үлүшкө эле деп, мамлекеттик каттоо кызматы бир гана китеп берсе болмок. Үлүш жерлер тилкелерге бөлүнүп, алардын баарына кызыл китеп чыгып жатат. Генпланды баары эле чийип ала бербейт. Биринчиден, архитектура пландоонун шарттарын түзөт. Андан соң аны ишке киргизүүнүн багыттарын текшерип чыгат дагы, тогуз министрликтен уруксат алынып, кол коюлат. Мисалга өрткө каршы кызматы, санэпидстанция, айыл өкмөт, мамлекеттик каттоо, ж.б.у с. мына ушуга окшогон мамлекеттик кызматтардын талкуусуна алынып, алардын уруксаты менен акыркы чечимди айыл өкмөт генпланга кол коюп бергенден кийин ал күчүнө кирет. Мындай генплан бекитилген соң, курулуш иштерин баштоого болот. Жер саткандардын колундагы генплан тогуз министрликтин мөөрлөрү менен болсо, анда мыйзамдуу.
– Трансформацияланбаган жерлерге үйлөр курулуп жатканын көргөн соң, өкмөт, бийлик өкүлдөрү менен биргеликте архитектура тарабынан кандай чаралар көрүлүүдө?
– Новопавловкада 2010-жылдан тарта жер басып алууда дыйканчылыкка берилген жеке үлүш жерлер 2010-жылы чыккан токтомдун негизинде бөлүктөргө бөлүнүп, элге таратылып, ошонун негизинде кызыл китептер чыккан. Ал эми элдер кызыл китепти колдоруна алары менен курулуш жүргүзүүгө болот деген ойдо үйлөрдү салып алышкан. Мына ушундай эле көрүнүш №519 контурда жайгашкан жер тилкесинде болууда. Былтыр комиссия келип, “салынып калган жерлерди трансформация кылып беребиз” деген сөз айтылып кеткенден кийин, байчечекейдей эле курулуш жайнай баштаган. Ал жерде курулуш иштерин токтотууга күчүбүз жетпей калды. Аймактык тескөөчү пунктарды ачып, милиция кызматкерлерин коюп бердик. Военно-Антоновка аймагында аймактык тескөөчү милицияларды күнү-түнү менен коюп, элдин жардамы менен курулуш иштерин жүргүзбөй, элди токтотуп калдык. Ал эми Ново-Павловкада тегерек чети ачык болгондуктан токтото албай койдук. Экинчи жагы дыйканчылыкка бөлүнгөн жерлер болгондуктан биздин тиешебиз жок.
– Жеке өз алдынча генпланды чийип, жер тилкелерин сатып жүргөн алдамчыларга архитектура кандай чара колдоно алат?
– Архитектура сотко бере албайт, архитектура учурда долбоор менен гана иштейт. Айыл өкмөттүн, же жеке ишкерлердин арыз кагазын эле карап иштеп калдык. Мамлекеттик каттоого сурамжылоого кат жөнөтүп, андан ары ишти алып барат. Ошол эле трансформацияланган жер тилкелерине айыл-чарба багытында же жайыт жерлери да кирет. Мына ушунун баары мамлекеттик деңгээлде чечиле турган маселе. Менден мурунку жетекчи ушундай иштердин артынан ишинен кеткен, анын жолун кайталап ишимден ажырап калгым келбейт. Жер менен тиешем жок. Долбоорлор менен иштешем.
Перизат КАДЕНОВА, Айжаз САКИЕВА

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

один + три =