Мэр  акимдерге артыкчылык берди

0
83

Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадагы маселелерди ыкчам жана  жеринде чечүү үчүн акимдердин милдеттерин жана жоопкерчилигин жогорулатуу керектигин айткан болчу. Ал үчүн каржылык булактарын да аларга тапшыруу керек деген мэр.  Ал айтылган сөздөр эми ишке кирмей болуптур. Бүгүн 6-майда мэр калаанын баардык башкармалыгын чогултуп жыйын куруп, бир катар тапшырмаларды алардын алдына койгон.

Көптөгөн  жумуштар жүргүзүлүп жатканын, бирок алардын жүрүшүндө  кемчиликтер менен бирге шалаакылыктар бар экенин баса белгилеген мэр, бир катар жетекчилердин ишин сынга алып, алардын айрымдарына сөгүш да жарыялаган.

«Биз буга чейин айтып келгендей, акимдерге артыкчылык бердик. Эми жарандар тарабынан айтылып жаткан маселелерди жеринде чечүү силердин мойнуңарда. Албетте,  баарын көзөмөлгө алабыз. Мэр катары биздин негизги милдет — ири долбоорлор менен алектенип, инвестиция тартуу болуп саналат. Каражат жок биз эч качан шаарды көтөрө албайбыз»-деген мэр.

Маалыматка караганда эми, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык чарба департаменти аткарган тышкы жарыктандырууларды, ирригациялык системаларды, жолдорду тейлөө жана оңдоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, муниципалдык аймактарды жашылдандыруу, таштандыларды чыгаруу жаатында жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча иштер, Бишкек шаарынын мэриясынын администрациялык райондор боюнча муниципалдык административдик жетекчиилигине милдеттендирилет.   Мындай токтомго калаа мэри  Эмилбек Абдыкадыров кол коюп, ал 2022-жылдын 30-апрелинде күчүнө кирген.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

5 × 5 =