Ушул тапта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров калаанын Свердлов районунун жашоочулары менен жеринде жолугушуу өткөрүүдө. Иш чара “Дордой” жаңы конушундагы №94 жалпы кесиптик орто мектебинин имаратында өтүүдө.
Буга чейин мэр эки райондун жашоочулары менен жолугуп, тургундар тарабынан көптөгөн сунуштарды угуп, бир катар көйгөйлөрдү талкуулап, аларды чечүү жолдорун белгилешкен.