Мэр ЭМИЛБЕК АБДЫКАДЫРОВ: “Шаарда чечилбеген маселе көп, буга айрым жетекчилердин кайдыгерлиги себеп”

0
85

 

Мэр Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын төрт районунун жашоочулары менен жеринде жолугушууларды уюштуруп жатат. Кечээ мэр Ленин районунун тургундары менен жолуккан. Жолугушууда жашоочулар тарабынан тазалык, жашылдандыруу, транспорт, канализация, жаны конуштагы жерлерди мыйзамдаштыруу, көчөлөрдү жарыктандуруу, жолдорду ондоо, коомдук транспорттун жүрүшү, балдар аянтчаларын тартипке келтирүү сыяктуу  көптөгөн маселелер айтылган.

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров бул көйгөйлөр көп жылдан бери чечилбей келгенин айтып, бул иштерге айрым шаар жетекчилеринин кенебестиги себеп болгонун баса белгилеген.

“Биз учурда төрт райондун жашоочулары менен жолугушууларды уюштуруп, маселелерди угуп жатабыз. Жолугушуулар бүткөн соң биз баарын карап, анализдерди жүргүзүп, эмнелерге басым жасап, маселелерди кандай чечишибиз керектигине токтолобуз. Эгер чечүү үчүн финансы маселеси керек болсо, биз финансы жагын табышыбыз керек. Тургундардын кээ бирлери айтып жатат, айрым көйгөйлөр боюнча көп жылдан бери кайрылат экен, бирок жыйынтык болбойт деп. Бул кээ бир жетекчилердин кайдыгерлиги себеп болгон”-дейт мэр.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

1 × 4 =