Назира СААЛИЕВА, журналист: «Эрнисти кош бойлуу келинден кызганып…»

0
43

Айтылуу «Асаба, «Агым», «Баягы Асаба» басылмаларында башкы редактор болуп эмгектенген белгилүү журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулунун эскерүү кечеси 25-апрелде Улуттук филармонияда өткөнү турат. Ошонун алдында маркумдун жубайы, журналист Назира Саалиева менен маектештик.

— Назира эже, кайсы нерсе болбосун финансы маселесине барып такалат да. Ким кандай колдоо көрсөтүп жатат?

— Ооба, туура, кандай иш-чара болбосун финансыга барып такалат. Апам, бир туугандарымдын колдоосу менен тобокелге салып эле баштадым. Эрнистен ажырагандан кийин эскерүү жазбадым беле, «артыӊда аткарылбай калган максаттарыӊдын баарын аткаруу — менин милдетим, парызым, карызым» деп. Мага аманат болуп калды да. Көптөн бери жүрөктү өйүп жүргөн аманатын аткарууга бел байлап турган кезим. Эрнис өзү жазып кеткен сценарий, өзү койгон дата. Өзү жазып кеткен адамдарга кайрылсам, кубанып эле колдоп кетишти. Аттарын атай кетсем, Кыргыз Эл артисттери: Эген Чалабаев, Түгөлбай Казаков, Каныкей Эралиева, Кыргызбай Осмонов, айтылуу төкмө акындар: Амантай Кутманалиев, Жеӊиш Жумакадыр, белгилүү актер Руслан Курманалиев, дастанчы Өмүрзак Кайыпов, ырчылар Стамгүл Турдалиева, Токтобек Асаналиев, Тимур Дайрабаев, Элзар Өскөнбаева, белгилүү комузчу Кенжебек Алдаяр, режиссер Алтынбек Максүтов жана Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Байма Сутенова. Баарына үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Бир тыйын албай, бекер даярдап берип жатышат. Ыйык Рамазан айында чоӊ соопчулук кылышты. Соопчулук кылууну Кудай да сүйөт эмеспи. Алла Талаам колдосун! Эрнистин арбагы ыраазы болсун!

Эми каржы жагына келсек, ирисин айтсам, аренда 50 миӊ сом, экран 60 миӊ сом, «Каалга» китебинин басылышы 135 миӊ сом болду. Бул тууралуу тиешелүү жерге  кат жазган жерлерим бар, жардам болуп калаар деп үмүттөнүп турам.

— «Каалга» аттуу китебиндеги ырларынан кайсынысы жүрөгүӊүзгө жакын?

— Мага бардык ыры жагат. Жүрөгүмө жакыны — мага арнаган Акроыры, «Периштеӊ», «Экөөбүз баш кошкон күн», «Таӊ атпай». Бул ырларынын баарында менин абалым айтылган.

Таң атпай

Бул талаага келген элек экөөбүз,

Бак түбүндө олтурганбыз. Күз эле.

Бул көпүрө болгон ыйык көпүрө,

Экөөбүздү кошуп турган. Түз эле.

 

Күн да тийген. Дирилдеген жалбырак.

Ушул жолдо баскан элек үн катпай…

Бүгүн болсо кыш аяктап баратат.

Келдим мында өзүм жалгыз таң атпай.

 

Келдим мында. Талаабызды кар баскан.

Таңдай жарып чымчыктар да сайрабайт.

Көпүрөбүз көңүлү жок сумсайып,

Салам берип коюуга да жарабайт.

 

Бак түбүнө басып келдим, олтурдум.

Карабадым биз жашаган тарапты.

Ушул талаа, бул көпүрө, ушул бак,

Мен күтпөгөн, мен билбеген азаппы?

 

Күн да тийбейт. Дирилдебейт жалбырак.

Жолду карай басып келем үн катпай.

Дагы бир кыш аяктоодо билинбей,

Келдим неге мында жалгыз таң атпай?..

«Ушул талаа, бул көпүрө, ушул бак, Мен күтпөгөн, мен билбеген азаппы?» деп айтпайбы. Талаа болобу, бак болобу, жол болобу, бардык жерде изи калып, азапка салып кетти да. Экөөбүз баскан жердин баарына барып, ушул ырын айтып, бакты кучактап ыйлаган күндөр өттү жана өтүүдө… Ботаникалык бакчага кирип далай боздодум… Жоктоо дартын качан жеӊем билбейм…

— Түшүӊүзгө киреби?

— Кирет, көп жолу кирди. Биринчи жолу киргенде, кычырап кийинип алып, кош бойлуу келин менен ээрчишип ЦУМдун алдында кетип баратыптыр. Мен маршруткада элем, түшүп Эрнис деп кыйкырдым. Кайрылып келди. «Эмнеге мага келбей калды десем, сен башкага кетип калган турбайсыӊбы» деп ыйлап жибердим. «Ыйлабачы, Наз, көзүӊө чөп салган эмесмин, салбайм дагы. Биз капысынан эле жолугуп калдык. Мен сени гана сүйөм, бирок, кайрылып бара албайм» деп эле бир нерсени түшүндүрүп атат. Мен ыйлаган боюнча чуркап барып автобуска түшүп кеттим. Тиги келинден кызганып ыйлап атканда, сиӊдим ойготту… Экинчи жолу Мелис байке экөө кирди. Мелис байке баягыдай эле кычырап костюм, шым, ак көйнөк кийип, галстук тагынып алып, кайсы бир имараттын фойесинде чогулуш кылып жатыптыр. Эл көп. Алардын арасынан Эрнисти издеп таппайм. Сыртка чыгып, элден сурасам, «тээтиги көлдө сүзүп жүрөт» дешти, чуркап барсам, тереӊ көлдүн ортосунда турат. «Эмне болду? Бери сүз» деп кыйкырып жатканда ойгонуп кеттим. Анан чоӊ апамдын: «Мен өлгөндө көп ыйласаӊ, мени суу каптайт. Мени кыйнап коесуӊ» деген сөзүн эстеп, тарта ыйлашым керек экен деп калдым ичимден. Чынында ыйлай берип кыйнап койдум окшойт. Арбак деле сезет деген чын экен. Кичинекей бала көтөрүп келип, «багып ал» деди. Демек, бул аян деп калдым да бала багууну тилеп калдым. Ал күн да алыс эместир…

Маектешкен Күнболот МОМОКОНОВ

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

9 + 6 =