НДПК партиясынын көксөгөнү “саясий төңкөрүшпү”?

0
31

Эски бийликтин адамдарынан куралган НДПК партиясы негедир Садыр Жапаровдун бийлигине каршы чыккандай. Алардын саясатта жүргүзүп жаткан кадамдарына байкоо салсак, алгач шаардык бийликти андан соң Жогорку Кеңеш аркылуу бардык бийлик бутактарын басып алчудай максат менен баратышат окшойт. Эмнеге дебейсизби? НДПКнын талапкери Илим Карыпбеков деген неме, «бул бийлик максимум 1,5 жыл гана отурат, бул бийлик эки жүздүү” деп билдирди. Демек, Карыпбеков Жапаров башкарган бийлик 1,5 жыл гана турат деп көзү ачыктай эле айтып жатканына караганда, алар бир балээни башташат окшобойбу. Чындап эле азыркы Жапаров, Ташиев баштаган бийликке каршы оппозициялык блок деле байкалбайт. Баягылардын алды карыды, арты “саясий сойкуга” айланды. Жаш, жаңы күчтөргө суусап турган  оппозиция боштугун, Карыпбеков ээлеп, саясатка катуу киришет окшобойбу, дээринде. Калбыры көп эле, канаты кайрылып калбас бекен?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

два − один =