Нуркыз Рыскул кызы, жаш акын: Тагдыр менин белимди канчалык ийген сайын чыйралып келе жатам

0
602

Азыркы учурда жаштар поэзиясында Нуркыз Рыскул кызы деген ысым элге кеңири тарап жаткан учуру. Айрыкча «апа» тууралуу ырлары жан дүйнөнү козгойт. Бүгүн ошол талант менен таанышып чыгармачылыгы тууралуу сөз кылдык. Анда эмесе биздин маегибиз назарыңыздарда.

—   Ыр сиздин жашооңуздун канча бөлүгүн түзөт?

—  Ыр менин кан, жаным менен бүткөн, ажырабай турган жан дүйнөмдүн азыгы. Мен ырсыз жашоомду элестете албайм. Пендеге сыр айткыча ырлар менен сырдашкан өйдөрөөк. Ырларга көөдөндөгү болгон бугуңду төгүп айтып, жеңилдеп каласың. Мартабаңды арттыра турган жакын досуң да, сырдашсаң аныңды бурмалабас кыйбасың да ыр болуп калат экен. Андыктан ыр менин жашоонун негизги бөлүгү десем жаңылбайм.

—   Алып баруучулук оор экенби же ыр жазганбы?

—  Алып баруучулук менен ыр жазууну салыштырууга болбойт. Алып баруучулук кылдаттык менен талыкпас аракетти талап кылган, үйрөнсө боло турган өнөр деп билем. Ал эми ыр жазууну үйрөнүү таптакыр мүмкүн эмес. Ал жараткандан келген олжо.

— Апа тууралуу ырыңыз көп. Апанын кадырын билдим деп ойлойсузбу?

— Апамдын кадырын көзүм өткөнчө толук кандуу биле албасам керек. Бирок тагдыр деген адамды ар кандай калчайт экен. Турмушта адамдардын бардыгы эле апамдай аруу, апамдай жароокер болот го деген ойлорум бүлгүн болду. Апамдай чындап күйгөн адам бул дүйнөдө жок экенине көзүм жетти. Туура, азыр ырларымдын көбү эне жөнүндө. Ачуу, таттуусу аралашкан турмушта ар кандай адамдардын жакшы да, жаман да мамилесин көрбөсөм апам тууралуу ырды балким кыска убакытта мынча көп жазбайт белем, ким билет? Турмуш адамдын каалоосуна, тилегине карабай бирде катуу сындырып, бирде көкөлөтө көтөргөн нерсе турбайбы. Ошондой жашоодогу кыйын күндөрү апамдын мээримин, кадырын жакшы эле сездим окшойт.

  Убакыт бир азга токтосо кайсы ишти жасамак элеңиз?

—  Атамды колумдан ажалга тарттырып жиберип ичим туз куйгандай ачышып жүрөт. Убакыт бир азга эле токтосо атамды узак жашатуу үчүн болгон аракетимди кылаар элем. Жок эле дегенде атам көксөп жүргөн экинчи ырлар жыйнагымды чыгарып, атакемди ошол кечеде катыштырып, бир черин жазып алууга жетишет белем?! Бирок аттиң, ал жөн гана кыял экенин туйганда ааламым аңтарылып кеткендей болот.

—  Чындыктан коркпойсузбу..?

—  Чындык канчалык ачуу болсо да жагымдуу. Калп ушунчалык таттуу бирок арты өтө жийиркеничтүү. Ошондуктан чындыкты айтуудан да, угуудан да коркпойм.

— Акын аялзатынын тагдыры оор дешет. Ушуга кошуласызбы?

— Аялдын тагдыры анын акын же акын эместигинен көз каранды болбосо керек. Тагдырым оор болду дегенден алысмын. Бирок турмушта аксадым, ийилдим, мүдүрүлдүм, кайсы бир адамдардын бут алдында калдым. Бирок бала кезимден чыдамкайлыгымдыр, сынган жокмун. Тагдыр менин белимди канчалык ийген сайын чыйралып келе жатам.

— Кандай ырды көп угасыз?

— Эски, көөнөрбөй турган ырларды жакшы көрөм. Азыркы жаңы чыккан ырлардын 5 гана пайызын укпасам жалаң эски, элдик ырларды уккандан ырахат алам.

— Соңку окуган китебиңиз?

— Масару Ибуканын кыргыз тилине которулган «Үч жаштан кийин кеч» китебин окудум. Балдарды тарбиялоого өтө таасирдүү, ыңгайлуу кеңеш берген сонун китеп. Бардык жаш энелерге сунуштайм.

— Кандай учурда өзүңүзгө канааттанасыз?

— Өзүмө канааттанбайм. Бардык ишимди талдап, дагы да өсүү керек деп алдыга умтулам.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × два =