Нурхан, ырчы: Көңүлүм көп нерсени көксөп жүрөт

0
1176

“Мен эми сүйбөс болдум” деп ырдап көпчүлүктүн купулуна толуп, өзгөчө стили, өзгөчө үнү бар, дайыма чыгармачылык изденүүдө жүргөн жаш ырчы НУРХАН менен жашоо, турмуш, чыгармачылык тууралуу азыноолак кеп курдук.

Балалыгыңызды эске салган оюн кайсы?

Балалык кезде көчөлөрдү кыдырып чүкө ойночубуз. Уткан чүкөлөрүмдү футболкамды өйдө түрүп салып алып, үйгө келгенде саначумун. Балалыгым жгымдуу ирмемге бай жакшы учур болгон экен. Азыр чүкөнү көрсөм балалыгыма барып келгендей болом.

Ырчы болуп төрөлдүңүзбү же ырчы болуп калптандыңызбы?

7-8-класска барганда гана ырчы болом деген ышкым ойгонду. 11-классты бүткөндө ырдайм деген каалоом күч алып Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эстрада бөлүмүнө тапшырып ушул жүктү аркалап калдым. Ошол үчүн ырчы болуп калптандым десем туура болот го.

12801217_1558803767782338_8202808148278792353_n

Ырахат алуу деп эмнени түшүнөсүз?

Ар бири ар башкача нерседен ырахат алат. Мисалы бирөө ат чаптырып ырахат алса дагы бирөө сууга сүзүп дегендей. А мен аябай чарчаганда кафеде караокеде ырдагандан ырахат алам.

Ырды жүрөгүңүз тандайбы?

Жакпаган ырды сонун ыр деп мактап жатса да ырдай албайм. Өзүмдүн жүрөгүм тандаган ырды гана ырдайм десем болот.

Көңүлүңүзгө туура келбеген адам менен бирге иштешүү сунушталса иштешишиңиз мүмкүнбү?

Жумуш ар кандай болот. Көңүлгө жакпаса да зарыл болуп турса иштешүүгө туура келет. Ошол эле учурда кандай адам болбосун тил табышканга аракет кылам. Баарынын эбин тапса болот.

Жашоодогу миссияңыз эмне?

Чыгармачыл адам болгон соң элдин жүрөгүнөн орун таба турган мыкты ырларды ырдап эл уулу болуу. Апам да чыгармачыл адам. Алардын ишеничин актап, жүзөөгө жетүү.

Нурдан бүткөн хансызбы?

Атым ушундай. Үйдөгүлөр деле нурлуу, жылдыздуу бала болсун, нурланып жүзүнөн жылмаюу кетпесин деп жакшы тилек кылып койсо керек. Хан деген да жакшы сөз. Илгери эл башкарган инсандарды хан деп айтышкан. Мен да ысымымды булгабай алып жүргүм келет.

Кандай аялзаты сизге колукту болушу керек?

Терең ойлуу, акылдуу, ыймандуу, тың. Айтор аялзатына тиешелүү кандай сапат болсо ошонун баары болушун каалайм.

19433695_1812676219061757_9326136_n

Көпчүлүк адамдар убактыгымдын тардыгынан китеп окууга мүмкүнчүлүк жок дешет. Сиздин оюңузча кандай? Курулай шылтоо эмеспи?

Китеп окугусу келген адам сөзсүз ага убакыт табат. 24 саат боюу иштебейт. 15 мүнөтпү жарым саатты айтор окугусу келген адам сөзсүз окуйт. Мен да китептен алыс эмесмин. Күндө болбосо да убакыт таап окуп турам.

Көңүлүңүз эмнени көксөп жүрөт?

Көңүлүм көп нерсени көксөп жүрөт. Чыгармачыл адам болгон соң жүрөгүм уйгу-туйгу болуп жүрөт. Анын бири жеке концертимди берип чыгармачылыкта бийиктикке жетүү. Андан соң жакшы кыз таап үй-бүлө куруу.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемнадцать + тринадцать =