Орусиянын соккусунан Донецкте эки өспүрүм курман болду

0
9

 

Орусия менен Украинанын жаңжалы дагы деле болсо уланууда. Орус аскерлери Украинанын жай турмушта жашап жаткан тургундарына ок атылбай жаткандыгын, алардын аскерлери карапайым калкты калканч кылып соккуларды жасап жатышканын айтып келет. Украин маалыматы билдиргендей кечээ орус аскерлери Донецк облусунун айрым жерлеринде аткылоо уюштурушкан, мындан 5 жана 14 жаштагы эки кыз каза тапкан. Согуш башталгандан бери Украина тараптан 213 өспүрүм набыт болгону айтылат. Украин бийлиги бул сан даагы өсүшү мүмкүн экенин айтууда. Курман болгондордун арасында 3 айлык ымыркай дагы бар.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

12 − четыре =