Отунбаева, Кулов, Сааданбековдор Кумтөрдүн кулкуну, кыргыздын эл бузарларыбы?

0
17

 

Өлкөдөгү акыркы саясий кырдаалга келсек, шайлоонун “шайтан” оюндары орун алып, Кыргызстандын ырыскысы болгон акчаларды “ап” этип келген Раим Матраимов баштаган, криминалдар төштөгөн бийлик “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” партияларын алдыга сүрөп, элдин шайлоо укугун ачык эле тебелеп маарага жетмекчи болгон. Тилекке каршы, тилектери таш каап, шайлоонун эртеси өлкөдө төңкөрүш болду. Шайлоого жаңы катышкан “Мекенчил” партиясы бир топ алдуу партиялардан алдыга озуп чыкты. Муну Садыр Жапаров баштаган өлкөнүн азамат уулдарына болгон элдин урматы, ишеними деп билдик. Төңкөрүш күнү Садыр Жапаровду абактан бошотушту. Анын арты менен бир топ саясий туткундар дагы эркиндикке чыкты. Аянтта так талаш башталды. Бирдиктүү оппозициялык блок жок болгондуктан, утулуп маарага жетпей калган 13 партия өз амбицияларын чоюп баштады. Алардын ичинде өлкөгө, элге буга чейин өз аракети менен көрүнүп келе жаткан жана үмүт кылып турган Жапаровдон башка көрүнбөй турган. Эл Жапаровду каалап турду. Саясий лидерлер мүмкүнчүлүктү кое бербөөнүн аракетин көрүштү. Акыры Жапаров тарап бир топ саясий лидерлерди баш кылып, аянттан ур-токмок менен кубалап чыгышты. Ызааланган тарап, Жапаровду заматта криминалга байлады. Аянттагы атылган окту дароо ал тарапка жүктөштү. Аягы Атамбаевдин кишилери экени белгилүү болду.

Президент Жээнбеков бул кырдаалда моралдык күнөөсү бар экенин сезип, элдин колдоосу Жапаров тарапта турганын туюп, заматта бийлигин таштай качты. Чынында,  өлкөдөгү  орун алган коррупция, криминал элементтери жыттанган шайлоого Жээнбековдун күнөөсү чоң болчу. Ал аны сезбей койгон жок. Дароо арызын жазып берүүгө даяр экенин көрсөттү. Өлкөнү буга чейин ээлеп алган “матраимов жана криминалдык күч”  кызмат ордуна жаңы отуруп ишин баштап жаткан Жапаровго жабышып, коомчулукта “Жапаров келбей жатып криминалга байланды” деген жаманатты сөз чыгарууга жетишти. Жапаров баары мыйзамдуу жолго түшсүн деген тилекте болду. Ал ортодо Жээнбеков дагы буга макул болгону менен ушул тапта ичине ириң толуп, башкара албай, Матраимовдун жана криминалдын “кукласына” айланып калганын моюндабай, кайрадан алардын шыкагы менен кызмат ордунда калууну көздөй баштады. Эл чыңалуусу күндө күчөп баратат. Сыягы, Жээнбеков өзүн колдогон тарап көп деп ойлоп жатса керек. Ал ортодо өлкөнү ушундай кыйын абалга алып келген, сазга батырган Отунбаева менен жолугуп, анын оозу менен өзүнүн кызмат ордун сактап калуунун амалын көрө баштады. Отунбаева менен бирге аксакал саястчылар Феликс Кулов, Жумагул Сааданбеков сыяктуулар дагы элди ынтымакка чакырмыш болуп, өздөрүнүн эртеңки жан бакты жашоосу жөнүндө ойлоп жатканын коомчулук билбей койбосо керек. Ооба, элге ынтымак, стабилдүүлүк керек. Бирок, ушундай абалга ким алып келди, ким жеткирди, эмнеге улам бийлик алмашып жыргабай жатабыз, Кумтөрдү, Жерүйдү жана башка толгон токой кендерибиздин элге пайдасыз чечилишине кимдер себепкер дегенде, азыркы абалга Жээнбековдун, андан мурунку Акаев, Бакиевден бери Отунбаевага чейин күнөөлүү экендиктери айдан ачык болоорун эл сезип туру. Түз эле айталы. Коомчулук аны: “Кулов деген жеткен шүмшүк адам. Кыргыздын вертолетторун сатып ийгени жашыруун эмес.  Түрмөдө жаткан жеринен чыгып ПМ болсо да азыр Садырды жамандап жатат. Эмне үчүн? «Кумтөрдө» долясы бар. Дивиденд алып турат. Батукаевди крышевать эткен да ушул”-дешүүдө. . Кулов өкмтө болуп турганда Кумтөр боюнча комиссия түзүп, Данияр Үсөнов экөөсү доля алган соң, комиссиянын чечимин жокко чыгарткан. Ал кыргыздын душманы, кыргызча кыйратып билбейт.

Эми Отунбаеванын акыркы кездеги эле аял, эне катары жылаңач маданиятты элине таңуулаганы эле анын канчалык дарамети бар экени белгилүү эмеспи. Бийлик үчүн Бакиевди өлкөдөн өзү качырып туруп, элге чыгып “Бакиев качып кетти, аны акыры кармайбыз” дегенде эле түшүнүшүбүз керек эле. Жоопко тартылышы керек эле. Арабызды акыл үйрөтүп басып жүрөт, аттиң.

Анте алган жокпуз. Экс-президент катары урматтап жүрөбүз. Ал дагы Жапаровго каршы туруп, Жээнбековдун арыгын чаба баштады. Кумтөрдө Отунбаеванын дагы “долясы” бар экени белгилүү. Бир учурда уулу Кумтөр ишканасынын күйүүчү майларын тейлөөчү фирманы колго алып жатканы боюнча кабар тарап, Бабанов экөөнүн ортосунда ушул жагдайларда талаш чыкканы эсибизде. Отунбаеваны таптакыр саясий кызматка жолотпой, кайсыл бир аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуу дагы маанилүү. Мүмкүн Жапаровдун кылтагы Отунбаевага да жетмек. Адалсынбасынчы, ачык айталы.

Апрель окуясынан кийин Отунбаева, Атамбаев, Сариев дегендер  дароо эле «Мегакомдун” 49 пайызын мамлекетке улутташтырып алышып, 51 пайызын эски кожоюндарына кайтырып беришкен. Албетте, бекер эмес. Ортодо 15 миллион доллар алышкан. Бул боюнча да учурунда Жапаров ачык эле айтып чыгып  бардык фактыларды топтоп, ак жүрөк болуп “100 пайыз мамлекетке өтүш керек” деген сунуш кылып, Отунбаева менен Атамбаевке киргенин, эки күндөн кийин Отунбаева Каптагаевге шылтап, айтор акыры чечилбей калганын Жапаров учурунда ыйлап эле айтып жүрбөдү беле.

Мына Отунбаева эмне үчүн Жээнбековду колдоп, анын кызматтан калуусун эмнеге каалап жатканы.

Эми Сааданбеков аксакал деле мыкты адам. Интелегент. Ойу учкул. Бирок, мунун да арты таза эмес. Акаев кезден Кумтөргө булганган. Өз учурунда Кыргызстандын Кумтөр ишканасы менен түзүлгөн келишимде Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү фондуна акча чегерилип туруу каралган. Алгачкы жылдары эле облустун өнүктүрүү фондуна 1 000 000 доллар которулган. Миллион доллар деген анда аз эмес акча болчу. Ал кезде Ысык-Көл облусунун губернатору Жумагул Сааданбеков болгон. Бирок, ушул акча каражаттары максатсыз жумшалгандыгы боюнча прокуратуранын кызматкерлери тергөө иштерин жүргүзүшүп, Жумагул Сааданбеков дагы жана башка облустун башчылары кызматынан кол жууган. Бир топ эле ызы-чуу болгону эсибизде. Бирок, бул иш деле “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дегендей, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай чара көрүлбөй, “бармак басты, көз кысты” болуп кала берген. Адал сүйлөгөн аксакалдардын андан башка да толтура былыктары бар. Аны айтуу азырынча эрте. Элге ушундай оозу күйгөндөр, эл ырыскысын жегендер акыл айтпай эле кое турушса жакшы болмок. Алдыда дагы сөз көп…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двенадцать − 11 =