Ошто жеке ишкерлик кылган аялдын унаасын 12 жашар кызы менен кошо уурдап бара жаткан адам кармалды

0
211

Ош шаарында И.Г. аттуу жеке ишкерлик менен алектенген аялдын Lexus RX 350 унаасын айдай качкан адам кармалды. Унаанын ичинде жабырлануучунун 12 жашар кызы бар болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. «Бүгүн, 4-октябрда саат 14:00дөр чамасында 46 жаштагы аял унаасын токтотуп, 12 жаштагы кызын ичине калтырып коюп дүкөнгө кирип чыгып унаасын таппай калган. Ал милиция кызматкерлерине кайрылып, дароо шаар ичинде аталган унааны кармоо боюнча издөө жарыяланган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 15:00дөр чамасында 31 жаштагы С.З. аттуу адам кармалды», — деп билдиришти басма сөз кызматынан. Мындан тышкары басма сөз кызматынан шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.
Булак: супер.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

5 × один =