Полигондогу эл тагдыры жана жер тагдыры

0
2464

IMG_0299Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайдын жанында эл өзү атап алган Алтын-Казык жаңы конушу орун алган. Учурда аталган конушта 960 турак-жай курулуп, ар бир үйдө үчтөн-төрттөн адам жашайт. Бул жаңы конуштун жанында таштанды таштоочу жай гана эмес, мусулмандардын мүрзөсү, жаныбарларды көмүүчү жай жана газ бөлүштүрүүчү түтүктөр жайгашкан. Алардан чыккан уулуу химиялык заттар Алтын-Казыкта жашаган жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, майып балдардын төрөлүүсүнө алып келет.  Бул тууралуу бүгүн Мамэкотехинспекциясынын Жердин пайдаланышын жана корголушун көзөмөлдөө, контролдоо башкармалыгынын башчысы Айнур Кенжебаева билдирди. Буга чейин Мамэкотехинспекциясы бул жерде жашаган жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, салынган үйлөр  санитардык нормаларга жооп бербегендиктен аларды башка жерге көчүрүү маселесин бир нече ирет көтөрүшкөн. Бирок, Алтын-Казыктын тургундары башка жерге көчүүгө ынанышкан эмес. Тескерисинче жаңы конуштун аянты күндөн-күнгө кеңейип, жашоочулардын саны арбып келүүдө.

Бишкек шаардык таштанды таштоочу жайы жалпы аянты да акыркы жылдары кеңейип, учурда 85 гектар жерди ээлеп жатат. Тегереги тосулбаган бул жай 1978-жылдан бери иштеп келет. Аянттын ордунда мурун «Красный строитель» заводунун карьери болгон. Бул жайга мезгилге жараша 5 миң метр куб же 700дөн 1500 тоннага чейин таштанды ташылып келинет. Орточо эсеп менен бул жерде 25-27 миллион метр куб таштанды жатат. Полигондун азыркы мезгилге чейин чектери чектелген эмес. Ээлеп турган жерине мыйзам чегинде документ алына элек.

Айнур КЕНЖЕБАЕВА,  Мамэкотехинспекциясынын Жердин пайдаланышын жана корголушун көзөмөлдөө, контролдоо башкармалыгынын башчысы:

—  Негизи 84 гектар жер Өкмөттүн Токтому менен мүрзөгө деп берилген жер болчу.IMG_0313 Бирок, мыйзамдуу одоно бузуу жолу менен бул жерди басып алып, үйлөрдү салып,  бир нече үй-бүлө жашап жатат. Ушул күнгө чейин жердин тагдыры, элдин тагдыры да чечиле элек. Буга чейин шаардык мэрияга кайрылып элди коопсуз жайга көчүрүү боюнча маселени 4-5 жолу караганбыз.  Элге, “таштанды жайгашкан аймак ден соолукка терс таасирин тийгизет жана ал жерде экологиялык, радиациялык коркунучтар жогору” экендигин түшүндүргөнбүз. Бирок ага ынанышкан эмес. Андан кийин мэриядан  заманбап таштанды иштетүүчү заводду куруп бергиле деп талап кылганбыз. Алар тараптан заводду  куруу үчүн чоң каражат керек экен. Азыркы учурда каражат жок деген  жооп болууда.

Өзүңөр билгендей,“Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштанды таштоочу жайда иштөө эрежелерин бузгандыгынан улам айлана-чөйрөгө келтирилген чыгымы үчүн  Мамэкотехинспекция айыпка салып келген. Бирок бүгүнкү күндө алар менен соттошуп жатабыз. Мэрия биз менен соттошпой тезирек инвестор таап элдин көйгөйлүү маселесин  чечсе жакшы болот эле.

Максат ОСМОНОВ, Алтын-Казык конушунун тургуну:

IMG_0317— 2007-жылы бирөөдөн 2000 АКШ долларга ушул жерден жер сатып алып, үй салдым. Алтын-Казыкта 10 жылдан бери  жашап келе жатам. Башка райондордон жер ала алган жокмун. Чиновниктер өздөрүнүн туугандарына жакшы жерлерди бөлүштүрүп берип коюшту. Бизге окшогон карапайым калк ушундай жерлерге там салып эптеп жашап жатат. Бул  жер коптуу жай экендиги тууралуу маалыматым бар. Биз атайын балдарыбыз ооруулу төрөлсүн, биз ооруга чалдыгалык деп келип алган жокпуз. Айла жоктон улам жашап жатабыз. Полингонго 22 миллион евро бөлүндү, завод курулат деп айтышкан. Бирок анын дайыны чыкпай калды. Ошол заводду куруп койсо жакшы болмок. Эми миңге жакын түнтүндү мамлекет кайсы жерге көчүрөт? Завод иштеп турсак, эптеп күнүбүздү өткөрмөкпүз.

Бир кезде “Тазалык” ишканасы Азия өнүктүрүү банкынан Кыргызстан 22 миллион евро насыя алганын, анын 10 миллион евросу гранттык түрдө берилгенин жана бул каражаттардын 3 миллион евросун таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууларын айтышкан. Ал завод ошол таштанды ыргытылып жаткан жерден алыс эмес жерге, ал эми таштандыга батып калган жай тазаланып, сейил багы курулмак. Алтын-Казыктын жашоочулары эки жылдан бери андан үмүт үзбөй, завод жана сейил бактын курулушун күн санап күтүшүүдө.

IMG_0290IMG_0304IMG_0331

Айжаз САКИЕВА

Эл деми

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

13 − 3 =