Президентке, өкмөткө «көлөкө» түшүргөн кызматтар

0
23

Биздин өлкөдө баардык жагынан кризиске такалгандай эле абал түзүлүп турат. Ушул кезде ЖКда  Кыргызстандын профоюз уюму боюнча жаңы мыйзамды карап жатышат. Алардын аткарган кызматы, кылган иши боюнча айтып олтурса, ал жерде мамлекет берген миллиондогон акчаларды пенсиядагы эле “карт бөрүлөр” бөлүшүп, ал мекемени акча бөлдүрүп, бирок бир тырнактай иш кылбай айлык алган мекемеге эле айландырып алыптыр. Атын укпаган, пайдасын көрбөгөн бул мекеменин ишин сындап, аларга мыйзам жазып берип, “реформа кылгыла, иштегиле” деген депутаттарга деле бали. Тепкилеп, кодулап, коркутуп коомго жакшы көрүнгүсү келген мындай кызматтар депутаттар үчүн деле керек окшойт. Болбосо, бул уюм кечээ эле түзүлүп калган эмес да. Эми бул профсоюз экен. Мамлекеттик маанилүү негизги кызматы деле эмес. Мүмкүн жоюп жиберсе да бир кыргыздын кылы кыйшайбайт. Куурагандан мына бул Кадр кызматынын абалы адам ыйлаарлык абалда турганын көрүп, жетекчилери өзүм билемдик менен каалаганын жасап, ошол эле профсоюз уюмунан ашса ашып, ашпаса кем калышпай мамлекеттик маанилүү иштерди жүргүзбөй жатканын айтууга аргасызсың. Билгенге, туйганга, көргөнгө  Мамлекеттик кадр кызматы бош орундарга компьютердик тест өткөргөндөн башкага жарабайт деле.  Эгерде ушул калыпта бул кызмат кармалса, анда кимге кереги бар деген суроо жаралат. Өлкө кадрдык жүрүштөр аркылуу өсүп өнүгүүсү керек. Ал үчүн бул мекеменин иши ополтоодой эле. Тилекке каршы, бул мекеменин 27 жылдагы орду, кыргыз эли үчүн билинген деле жок. Бирок, сүйлөгөнүбүз “кадрлар баарын чечет”. Кантип чечет? Эгер бул мекеме өлкөдөгү кадр саясаттындагы саясатты туура жүргүзүү үчүн эмес, а шайлоодон кийин утуп келген Президенттин же партиянын тарапташтарынын майлуу кызмат бошогончо бош  олтурбай олтуруп тургуч жери болуп жатса. Кайсыл гана адам бийликке келбесин, бул жер бийликке көтөрүлүп кетүүчү “аэродром” сыяктуу эле болуп калды. Бул эмнени түшүндүрөт? Өлкөдө кадр саясатына эч ким кызыкдар эмес дегендик. Мамлекеттик бийлик структурасынын бир бөлүгү катары болуш керек эле, демек ошол үчүн гана сакталып, бирок жыйынтыгын мамлекет көрбөй жатат. Мамлекеттиик кадр кызматы, мамлекеттин иштөөчү, пайда берүүчү кадрларын тескөөчү жана алардын ишин туура жагына салуучу орган эмес, майлуу орундарга жетекчи сууруп чыгуучу болбогон бир мекемеге айланды. Алардын аткаруучу милдеттерин, жасап жаткан иштерин көзөмөлгө алган бир кызмат жок. Улам бир жетекчи алмашып, жарытылуу иштер да болгон жок. Шайланып келген башчысы бактысын башка кызматтан күтүп, ал жер аз күнчөлүк жер болсо, анда бул мекеменин кийинки келечеги, өлкөнүн кадр кызматы үчүн кантип күрөшөт эле? Жогоруда “баардык жагынан кризиске такалып турабыз” дегенибиздин да жөнү бар. Профсоюз уюму сыяктуу эле, Мамлекеттик кадр кызматы да бүт жагынан сазга батып бүткөн сыяктту.  Ички башкаруу тартиби, эмгек кодекстерин  сактоолор же мыйзамдуу жол-жоболор таптакыр каралбайт деле окшойт.   Айталы, бул мекеменин мурдагы башчысы Акрам Мадумаров Баткен облусуна өкмөттүн өкүлү болуп кеткени, орду бош туруп, анын милдетин статс-катчы Бакытбек  Сагынбаев аркалап келет. Бирок, ал ушул кезде өзүнүн кызмат ордунда көптөн бери жок болуп, Кыргызстандан сыртта жүргөндүгү айтылууда. Кулагыбыз чалганына караганда Корея мамлекетинде жүрүптүр. Мамлекеттик кызматкер себепсиз чет жака чыгууга, көп күн кызматты таштап жүрө берүүгө болобу? Мындай өзүм билемдик, эрке талтаңдык Президент Жээнбековдун эле бетине көө жаппаса, башкага жарабайт деле. Билишибизче Сагынбаев стат-катчылыкта 2007-жылдан бери иштейт. Мамлекеттик кадр кызматынын мыйзамдары боюнча бул иште ар бир 3 жылда ротация болуп турушу керек эле. Бирок, Сагынбаевдин бул кызматта отурганына 12 жылдын жүзү болуптур. Мыйзамды сыйлаган кадрлар ушулар болсо, анда кадрларга жыргаган экенбиз. Мындай жүрүштөр менен кете берсек, азыркы Президенттин, өкмөттүн деле келечеги кең болбой калды окшойт. Кадр кызматынын кейпи  ушул болсо, башка кызматты сөз кылып болобу? Акчадан мурун, кадрларга жүк болгон ал жердеги аксакалдар тууралуу болсо кийинкиде сөз кылалы…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре × пять =