Мамлекеттик кызматка акчалуулар же таанышы барлар эле келе бербеш үчүн, жөндөмдүү, билимдүү,иш билги кадрларды Мамлекеттик кызматка кабыл алуу максатында КР Президенти С.Н.Жапаров 2022-жылдын 2-февралында ПЖ№24 сандуу “Кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү” жөнүндө жарлыка кол койгон. Ал жарлыка ылайык, Мамлекеттик кызматка кабыл алуунун “ЖОБОСУ” иштелип чыккан. Өкүнүчтүүсү, Президенттин ал Жарлыгын дагы, жарлыка ылайык ЖОБОНУ дагы Билим берүү Министринен баштап Жергиликтүү бийлике чейинки бир дагы Мамлекеттик кызматкер аткармак турсун, окуп дагы койбогону өкүндүрөт. Төмөндөгү өзүм билемдик иштер буга далил. Анда сөз башынан болсун…..
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын кызмат орду көп айдан бери ваканттык орун болуп келген. 2022-жылдын 8-июнунда Билим берүү жана илим Министри А.Б.Бейшеналиев бул орунга дайындоо үчүн 3 адамга (Б.М.,К.А.,Р.М.,) сунуштаманы жергиликтүү бийлике (аким, мэр) жөнөткөн, жергиликтүү бийлик бул сунуштамага ак же көк деп жооп дагы берген эмес.
Мыйзам боюнча (жобого ылайык 3-глава, 24-25-пункт.) Жергиликтүү бийлик сунуштаманы 3 күндө карап, сунушталган кандидаттардын бирөөсүн дайындаш керек же квалификациялык талаптарга жооп бербесе баш тартуунун негизин көрсөтүп, жазуу жүзүндө артка кайтарыш керек эле. Талас райондук Мамлекеттик администрация башчысы, аким Н.Нармырзаев ушул күнгө чейин ал сунуштаманы артка кайтарган эмес. Мыйзам боюнча, эгерде жергиликтүү бийлик Сунуштаманы артка кайтарса (негизин көрсөтүү менен) анда Билим берүү министрлиги дагы 2 кишиге (жобого ылайык экиден кем эмес) сунуштама жөнөтөт (альтернатива болуш үчүн), 3 күндүн ичинде ал эки кишининин бирөөсүн (квалификациялык талаптарга туура келген 3 жыл завуч, 5жыл директор болуп иштеш керек) жергиликтүү бийлик дайындоого милдетүү. Баарынан кызыгы, Билим берүү министри А.Б.Бейшеналиев сунуштамага жооп албаса дагы, Мыйзамды одоно бузуу менен 20-июнда жалгыз (альтернативасыз) Б.Өмүркановго сунуштама жөнөткөн. Министрдин бул сунуштамасынын негизинде (ушуну эле күтүп тургандай) тогуз күндөн кийин (3күндүн ичинде эмес) тагыраак айтканда 29-июнда Б.Өмүркановго дайындоо жөнүндө буйрук чыккан.
Жогорудагы мыйзам бузууларды угуп туруп төмөндөгүдөй суроолор жаралат.
1.Эмне учун, 8- июнда Билим беруу министрлиги тарабынан 3адамга келип түшкөн сунуштамага жергиликтуу бийлик жазуу жүзүндө ушул убака (бир ай )чейин же четке кагуу же дайындоо боюнча жообун берген эмес ?
(соодалашуу болдубу же кийлигишүүбү)
- Эмне үчүн Билим берүү министри А.Б.Бейшеналиев Жергиликтүү бийликтин баш тартуусун (мурунку сунуштакмага жооп албай туруп) албай туруп жаңы сунуштама жөнөткөн? Эгер сунуштаманын кароо мөөнөтү өтүп кетип, аны баш тартуу катары кабыл алып жаңысын жөнөтсө, эмне үчүн мыйзамда экиден кем эмес кишиге сунуштама жөнөтөт деп жазылып турса, жалгыз Б.Өмүркановго жөнөткөн? (баардык мыйзамдуу жоболор тиркелет)
3.Эмне учун Билим берүү министри мурунку сунуштамага жооп жок болуп анын мөөнөтү өттү деп эсептесе, 20-июнда Б.Өмүркановго жөнөткөн сунуштаманы 29-июнга чейин мөөнөтүнүн өткөнүнө карабай күтүп кармап турган?
Таласта бул дайындоолор одоно мыйзам бузуу, соодалашуу, мыйзам эмес өзүм билемдик менен ишке ашып жатканы жогорудагы окуялар таасын делилдесе керек. Муну тиешелүү укук коргоо кызматы иликтеп чыгат деген ишеничтебиз.
Президентибиз Садыр Жапаровдун илим, билимди жогорку деңгээлге көтөрөбүз деген изги жакшы тилектерин, бүгүн министр, аймактык жетекчилер мына ушундай ыплас, кол ийрисине тарткан, көз ымдаган жолдор менен ишке ашырып жатышса анда келечегибиз, эртеңкибиз эмне болот? Билим тармагын билими жогору, тажрыйбасы жетиштүү адамдар жетектебесе, ал жерде эч качан жогорку сапатка өсүп чыгууга мүмкүн эмес. Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөөчү укук коргоо органдары бул мыйзам бузуулар боюнча териштирүүлөрдү жүргүзбөсө Президенттин жарлыктары максатына жетпеши шексиз.
Жаңылкан Айтмамбетова, Талас шаары
P/S. Талас облусунан ушундай кат келгенинен улам, бул мыйзам бузуулар боюнча министрликтин пресс-кызматына байланышып алалбай жаткандыгыбызды айта кетели. Макалабыздын кийинки этаптарында Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жана Талас шаарынын мэриясынын пресс-кызматына байланышып, алардын чыгарган чечимдерин, мындай жолго эмнеден улам барып калгандыгын ачык чагылдырып бермекчибиз.