Президент жаңы мектеп курулушун баштап берди

0
11

 

Кечээ Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы “Рухий Мурас” конушундагы мектептин жаңы имаратын куруу үчүн капсула салды. 2005-жылы жаңы негизделген бул конушта 7 миңге чукул адам жашайт.  Аталган конуш 1350 орундуу мектепке муктаж.

“Буюрса, мындан ары балдардын баары өзүңүздөрдүн мектептен билим алат. Убаракерчилик жоюлуп, жол киреге кеткен каражат да үнөмдөлөт. Бишкек мэриясы күзгө чейин бүтүрүүгө бардык аракеттерди жумшайбыз деп убада берип жатат, курулушту өзүм да көзөмөлгө алам”, — деди президент. Бишкек шаарында жеке мектептерде билим албагандарды кошпогондо 177 миң окуучу бар.
Буга чейин мамлекеттин эсебинен Бишкек мэриясы тарабынан быйыл 15 мектеп 5 бала –бакча курулары айтылып келген. Шаар мэри Эмилбек Абыдкадыровдун айтымында мектеп жана бала-бакчса  жыңы окуу жылына тапшырылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

девятнадцать − 14 =