Раим камалмак турсун, кызматка киши дайындап жүрөт дейби?

0
45

Мамлекетти, бажыны мүүлжүп бүткөн, ушул кезде уу-дуу кеп болуп, коомчулуктун жек көрүүсүнө айланган “Раим Матраимов башкарат”-деген аңыз кеп чынга айлана баштады. Жакында эле коомчулуктун чоң козголушу менен аяктаган митингден кийин, бажынын көмүскө кожоюну бей өкмөт уюмдардын айрым жетекчилерине кызмат сунуштап, Президент Сооронбай Жээнбековго кирип, укук коргоочу Рита Карасартованы Өкмөттүн алдындагы Кесиптик техникалык билим берүү агенттигинин директорлук ордун алып берүүгө макулдашып чыкканын эшитттик. Буга чейин укук коргоочу Рита Карасартова Раим Матраимов менен келишкис позицияда болсо, Раим Матраимов эми президенттин атынан өзүнүн оппененттерине кызмат берип, алардын оозун жабууда. Ушул окуядан соң бийликти президент Жээнбеков эмес Раим Матраимов жүргүзүп жатканына толук ишендик. “Калк айтса, калп айтпайт” дегендин чындыгы бар экен. Буга чейинки Раим Матраимовдун камалышы керектигин айтып чыккан “Reакциячылардын” сап башында дагы Рита айымдын жүргөнүн көргөнүбүз бар. Кала берсе, батыштын жел аргысы “жыттанган” ал акциядан мурунку гейлер тараптагыларда дагы бул айымдын жүргөнүн жакшы билебиз. Ушундан улам “Раим миллион” менен келечегибизди курабыз деп, кийинки шайлоонун шарапатын жакшы өздөштүрүп бара жаткан бийлик, кылкый “коррупционер” аталган Матраимовдун мааникени болуп калса бүткөн экенбиз. Өлкөдө “жаштар, таза адамдар” деп талапты таасын коюп жатканына карабай, ар ким өз жанын алып калмай менен жаалдангандардын эле жаагын баса беребиз менен алек боло берсе, Кыргызстандын тагдыры эмне болот? Рита айым дагы кыргыздын мыкты кызы, бирок анын артындагы мындай “арам оокаттуулуардын” турушу жакшылык деле алып келбейт го деп турубуз. Айта турган кеп алдыда окшойт!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

десять + 15 =