Раим Матраимов жоголду, ким көрдү?

0
4

Оо шумдук, эмне деген гана өлкөгө айландык. Же пулуң болсо, кулуңмун деген кул мүнөздүгүбүз күчөп баратабы? Коррупциянын атаманы болгон Раим Матраимов абактан чыгып, аты-жыты жок табылбай жатыптыр. Сыртка чыгып кетпей, Кыргызстандын ичинен деле таптырбай кетсе болот экен. Буга чейин Бажынын мурдагы жетекчи орун басары Раимбек Матраимов  коррупцияга шектелип УКМК абагына киргизилген болчу. Көп өтпөй анын ден-соолугу начарлап жатканын жактоочулары айтышкан эле. Ушуга улай Раимбек Матраимовдун абактан атайы дарылануучу жайга, болгондо да мамлекеттик эмес жеке клиникалардын бирине жайгашканы маалым болууда. Бул тууралуу ММКлар УКМКдан сурашканда, аларда дагы анын кайсыл жерде дарыланып жаткандыгы боюнча маалыматтары жок экендигин айтышкан. Эгер УКМК билбесе, анда аны ким билиши мүмкүн? Мына кзык. Ал турсун агасы Искендер Матраимов дагы кайда экендигин билбестигин, жактоочусуна байланыша албай жатканын айткан. Чындап эле анын жактоочусу Мадина Ниязованын дагы байланышы жок болуп, көптөрдү түрдүү божомолдорго түртүүдө.  Ууру ушинтип эле качып кетсе, калдайган эл кантип ишенээр экен бул бийликке?

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять × один =