“Раим миллион” “Мекеним Кыргызстан” партиясын тартып алды беле?

0
35

Өлкөдө шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп баштады. Жалпы элдин шайлоого болгон шааниси деле байкалбайт. Бирок, бүйүр кызыткан кызыктар, партиялар ортосунда жүрүүдө. Бирикмей, ажырашмай, кубалашмай, тартып алмай, айтор тири укмуш окуялар көшөгө артында болуп жатканы байкалууда.  “Раим миллион” атыккан эски бажычы Раимбек Матраимовдун “Мекеним Кыргызстан” партиясынын айланасында дагы ар түркүн сөздөр болуп, эл кыжыры келген учурлар көп. Бул партияны мурда Атамбаевдин “шопуру” Илмиянов көзөмөлгө алып, партияны түптөгөн эки жаш жигиттин курулуш компаниясын кубаттап жүрөөрү айтылып келген болчу. Кайсыл кара мышык ортолорун аралады, айтор бир кездеги партия түптөгөн жигиттер, салган үйлөрүнөн бери сатышып, кызыл чеке кырылышка  чейин барышканы өлкөнүн түштүгүнө түгөл маалым болду. Көп өтпөй жаракадан Раим Миллиондун кулагы тикчийип, “Мекеним Кыргызстан” партиясын тартып алганы айтыла калды. Сыягы, жалаң жаштардан куралган, максаттары бийик, эч бир саясий топторго кошулбаган, башынан таза кетели деген “Мекеним Кыргызстан” партиясынын жаш азаматтарын дал ошол Раим Матраимов боткого түрткөн өңдөнөт.

Ооба, чын эле ошондой болгон экен. Раимдин эл ичинде айтылып, делинип жүргөн “кадыры” үчүн,  “Мекеним Кыргызстан” партиясын түптөгөн таза жаш балдар, Раимге кошулуудан баш тартып, өздөрү “Ыйман Нуру” деген партия ачышып, бөлүнүп чыгышканы уу-дуу кеп болууда. Катарын жалаң жаш жигиттер менен толуктаган  жаңы партия, эми “Мекеним Кыргызстан” партиясынын негизги атаандашы болуп чыгалабы же жокпу, аны убакыт көрсөтөөр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

семнадцать + 7 =