Риодо Паралимпиада оюндары башталды

0
387

Бразилияда дүйнөлүк Паралимпиада оюндары башталды. Салтанаттуу ачылыш 7-сентябрда Риодогу белгилүү Маракана стадионунда өттү.

11 күн бою 161 өлкөдөн келген 4 миңден ашуун майып спортчу күч сынашат.

Паралимпиаданын тарыхында быйыл биринчи жолу оюндар Орусиясыз өтөт. Себеби Эл аралык паралимпиада комитети допинг чырына байланыштуу орус командасын катыштырбоону чечкен.

Быйылкы олимпиадада ирандык пауэрлифтер Сиаманд Рахман 300 килограммды көтөрүүгө, британиялык спортчу Дэвид майыптар арабасы менен жарышка чыгып, биринчи келүүгө жана кытайлык азиз спринтер Лю Чуйчинг алдыңкы орунду ээлөөгө белсенип жатат.

Оюндарга Кыргызстандан үч спортчу катышат. Алар — пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов. 54 килограммга чейинки салмактагылар арасында Эсен Калиев 10-сентябрда, 107 килограммга чейинкилерден Орозбаев 15-сентябрда, жеңил атлетчи Базаркулов 12-сентябрда күч сынашат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

пять × 3 =