«Сага эч ким эч нерсе карыз эмес». Ар бир «бүттү» – бул жаңы башталыш.

0
26

Бүттү деп башты мыкчып отуруп калуудан бардык жакшы нерселердин башаты башталат. Бул тек гана бир барак окулуп бүттү, кийинки жаңы барак башталды дегендик.

Өткөндө эмне жасаганың маанилүү эмес, азыр эмне кыласың ошол маанилүү.

Ким экениңди билип, максатыңды түшүнгөн жашооңдун учуру кайсы? Албетте, ал жашооңдун кезектеги бир бөлүгү аягына чыгып калганда башталат.

Жашоодо көп бөлүктөр бар. Анын ар бири эртеби-кечпи аягына чыгат. Өткөндүн эшигин жабуу – кийинки баракты ачуу… Муну кандай айтсаңар эрк силерде. Башкысы ар бир кырдаалда жашоону улантып, бактылуу жашаш керек.

Качан жашооңдо бир нерсе бүтүп калганда, ал такыр эле бүттү дегенге жатпайт. Тескерисинче, жаңы нерсени баштоого мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул бурулуш учур.

Бул 10 цитата силердин жашоонун жаңы бөлүгүн, жаңы барагын ачат.

  1. Жашоо ойдогудай болбой баратса, алаңдап калбагыла. Терең дем алып, жашоонун кызыгы анын оош-кыйышында экенин эске алгыла.
  2. Кээде, жөн гана жашооңордун мурункудай болбой калган фактысы менен келишкиле. Болгону, эски бир нерсенин бүтүшү жаңы нерсенин башталышы болорун эске салгыла.
  3. Эч нерсени өзгөртө албарыңарды түшүнгөн учурда гана сооронуп, жаыңар жай алат. Жагдай кандай болбосун аны менен келишкиле. Керектүү сабактарды алып, жашоону уланткыла. Өткөндө эмне кылсаңар да ал маанилүү эмес. Азыр эмне кыласыңар ошол маанилүү.
  4. Жекелик өсүүнүн жана өнүгүүнүн сыры жөнөкөй. Кечээ болгонду өзгөртүүгө аракет жасап, күч коротуп кереги жок. Бүгүнкү колдогу нерсенин үстүндө иштеп, алга карай кете бериш керек.
  5. Атүгүл, өткөн жаманчылык, акмакчылык канчалык ачуу болбосун, эмоцияга алдырбагыла. Бардык күчүңөрдү, оюңарды жана энергияңарды азыркы тапта жакшыртууга бургула.
  6. Бүгүнкү жашоо кечээкиден айырмаланып калышы мүмкүн. Кептин баары жашоого болгон көз карашта, качан силер кабыл алууну өзгөртсөңөр ал дароо өзгөрөт.
  7. Кандай гана кырдаал болбосун, эмне кылыш керектигин өзүң, өзүң гана чечесиң. Көз ирмемге токтоп, сабыр эт, ким экениңди эске ал. Сага жана бүтүндөй жашооңо таасир берген учурду талда, анализде.
  8. Сага эч ким эч нерсе карыз эмес. Сага эмне керек болсо анын баары бар. Болгону, колуңда турган ресурстарды колдонуу жоопкерчилиги жатат.
  9. Эч нерсени эч качан ананкыга калтырба. Бир нерсе жасоо үчүн «ыңгайлуу учурду» күтүп, убакытты куру бекер кетирбе. Азыр жаша, азыр аракет кыл. Бүгүн башта.
  10. Жөнөкөй болгула. Өзүңөр үчүн жаңы нерсени окугула жана ачкыла. Бул дүйнө силер ойлогондой тар эмес, ал ажайып. Силерде кандайдыр ажайып белгисиз багытка кадам жасоо шансы бар. Силерде дайыма жаңы ишти баштоо жана жаңы идеялардын үстүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүктөр бар.

 

Соңку ойлор…

 

Бактылуу жашоонун сыры жөнөкөй, ал жашоонун бүткөн бөлүгүнө эмес, жаңы башталган бөлүгүнө көңүл бурууда турат.

Көп адамдар башкача жашагысы келгенин же жашоосун өзгөртүүнү кааларын айтышат. Муну менен алар ар бир көз ирмемдеги жаңы жашоо учурларын учурушат. Өзгөрүү — ошол ар бир көз ирмемде. Ар бир мүнөттү куру кетирбегиле.

Өткөнгө, же силердин жашоодон кеткенге жабышпагыла. Күтүү менен жашабагыла. Билгиле, жашооңордун ар бир азыркы учуру баалуу.

Бактылуу жашоо мына азыр башталышы мүмкүн. Болгону, жашоо азыркыдай болушун каалаганды токтотуш керек.

Өткөндү унутуп, астыга карай кете берүүнүн бир фразасы бар: «Ушул көз ирмемден баштап МЕН…»

 

Асылбек БЕКТЕНОВ   

www. Eldemi  

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

8 − шесть =