Сапар Исаков ТВЕАны тажрыйбасы жоктугуна карабай кызыкчылыгын коргогон

0
14

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум жүрүүдө. Бүгүнкү күндө сот өзүнүн финалдык чегине жетип, тараптар жарыш сөзгө чыгууда.

Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Сапар Исаков кытайлык ТВЕА компаниясын жылуулук электр станцияларын модернизациялоо сферасында эч кандай тажрыйбасы жоктугуна карабай кызыкчылыгын коргогону, коррупциялык схеманын башында турганы, ошол компаниянын арты менен 111 млн АКШ долларын өз кызыкчылыгына алып калуу аракетинин башында болгону аныкталды.

Соттогу жарыш сөздө айыпталуучулар ТВЕАнын мындай долбоорлордо тажрыйбасы жоктугун атайылап эле эске алышпаганы белгиленди. Эске сала кетсек, соттолуучулардын отургучунда – мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев, «Электрдик станциялар» ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, «Электрдик станциялар» ААКнын Бишкек ТЭЦин модернизациялоо башкармалык тобунун директору Темирлан Бримкулов жана экс-финансы министри Ольга Лаврова бар.

Көрсө, Исаков, Калиев, Авазов, Назаров жана алардын шериктери ТВЕАнын тажрыйбасы жоктугун жана керектүү жабдууларды өндүрүү боюнча жеке заводдорго ээ эместигин атайылап көңүл сыртынан кетиришкен. Бул кытайлык компания ЛЭП курууга, трансформатордук жабдууларды өндүрүүгө квалификацияланган экен. Башкача айтканда ТЭЦти модернизациялоодо профилдик компания болуп саналбаган. Демек, бул компания базалык квалификациялык талаптардан өткөн эмес.

Ошондой эле ТЭЦти модернизациялоо боюнча тендер да өтпөгөн. Ага кошумча Сапар Исаков Кыргызстандын шарттары үчүн пайдасыз негизде кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон. Анан дагы президенттик аппарат ТЭЦти модернизациялоо маселесинде толугу менен башында турган. Бул милдет же укук президенттик аппаратка тиешелүү эмес болчу.

Мына ушунун баары Сапар Исаков ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын атайылап коргогондугун көрсөтөт. 2008-жылы эле бул компанияны ал кездеги бийлик өлкөнүн кызыкчылыгына туура келбейт деп тапкан. Эми ошол Кытайдын Эксимбанкынан алган 386 млн АКШ долларын проценти менен кошо эсептегенде жалпы кыргызстандыктар 500 млн АКШ доллары кылып кайтарып бериши керек. Ошондо С. Исаков менен А. Атамбаевдин жана алардын шериктеринин чөнтөктөрүнө кирип кеткен акчаны карапайым эл төлөш керек болобу?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двадцать − один =