Сариева сапарда

0
209

КРнын билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Талас облусунун жашоочулары менен билим берүүгө жаңылык киргизүү маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аксай айылындагы мектепте коомдук кабыл алуу болуп, анда министр жарандарды кызыктырган бир катар суроолорго жооп берди. Калктын басымдуу бөлүгү жаңы окуу жылынын башталышына даярдык иштерге байланыштуу маселелер тынчсыздандырып жатканы белгилүү болду. Мектепке чейинки балдардын ата-энелери вариативдик бала бакчалары тууралуу жаңычылдыктар жөнүндө кызыгып, суроо узатышты. Министр бардык балдар 1-сентябрдан баштап май айына чейин 5,5-7 жашка чейинки балдар мектепке чейинки даярдыктан өтүшү керек деп белгиледи. Ошондой эле, педагогдордун суроосуна жооп берип жатып, министр мектеп кызматкерлеринин айлык акысы кандайча көтөрүлөрү жана даярдыктарды жакшыртуу пландары жана мектеп мугалимдеринин адискөйлүгүн көтөрүү тууралуу пландарды айтып берди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

18 + 5 =