Сексенбай Турдукожоев,  эмгек сиңирген мугалим, журналист: “АЙКӨЛ МАНАС, АЛМАМБЕТТЕН ЧОЧУЛАП, КАН КОҢУРБАЙ КЕЛИН БОЛГОН ЖҮГҮНҮП”

0
38

 

«Эне»

Бала үчүн баарын белендейт,

Бала үчүн баарын жеңем дейт.

Он бөлүп түнкү уйкусун,

Чаалыкса деле кебелбейт.

Эненин эмгек, ак сүтү,

Эч нерсе менен ченелбейт.

Мээнетиң дайым баалаймын,

Ак нурун себем  таалайдын.

Бакытка ороп сизди мен,

Бүт баарын сизге каалаймын.

Ден-соолук, өмүр, шат көңүл,

Ачкычы болсун маанайдын.

Эмгегиң чексиз санасам,

Хандардан бийик даражан,

Бала үчүн сиздей адам жок.

Бүт бердиң жоктур аласам,

Насаатың, акыл, тарбияң.

Аткарсам деймин, жарасам.

Бешикке бөлөп, терметтиң.

Бешик ыр угуп, эр жеттим.

Түбөлүк сизге карызмын.

Үлгүсүн айткан өрнөктун.

Дүйнөдө бардык жакшыны.

Өзүңө гана бермекмин.

 

«Ысык-Көл»

Тоолоруң бар курчаган тегерегиң,

Кышпы, жайбы, суктанып мен келемин.

Толкунуңду тосомун кучагыма,

Рахатка батамын, термелемин.

Жээгиңде кум кечип жүргөнүмдө

Келет менин бала болуп жөрмөлөгүм.

Атың, ыйык кыргызга өзүң түгүл, Кумурскаңдын издери Ысык-Көлүм.

 

«Сары-Челек»

Соң-Көл сулуу сиңдиси Сары-Челек,

Теңир өзү бергенби бизге белек,

Тоолоруңдун чокусу ак мөңгүлөр

Турушкандай өзүңдү таяп-жөлөп

Жумшак толкун жыбырап, кайра өчсө

Мемиреген айлуу түн элестелет.

Кылаасында комузун күүлөп турган

Ниазаалы элеси келет-келет.

 

«Соң-Көл»

Теңир-Тоонун миң бир жыттуу гүлүбү?

Сулуулардын, сулуулуктун пириби?

Чолпону эле театрдын, кинонун,

Соң-Көл десе эстейм Таттыбүбүнү.

Улутунган Ак Мөөр сулуу тагдырын

Уккандардын сыздап кетет жүлүнү,

 

Соң-Көл турат экөөн эстеп муңайым

Соң-Көл турсун миллион жыл ылайым.

Эки башка кылымдарда жашаган

Сулууларга урмат, таазим кылайын.

Айтчы, Соң-Көл, дагы кандай сырың бар?

Доор добушун толкунуңдан угайын…

 

«Чатыр-Көл»

Тоолорунан орун алган Ак-Сайдын,

Сага теңдеш сулуу көлдү таппадым.

Жүз түрлүү сайраганы куштардын

Жаңырыгы көл жээгинде асканын.

Тоого чыгып көл тарапты карасаң,

Көк чатырбы деп, ойлойсуң жатканын.

Ошондуктан Чатыр-Көл деп аталган,

Алтындан да таза дешет таштарын.

Керемет дейт көргөн менен билгендер.

 

Чатыр-Көлдө күндүн кантип батканын.

Миң кубулган толкундары шыбырап.

Ойго салат Жаңыл Мырза басканын.

«Улуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин элесине эпитафия»

Улам өсүп, тээ, бийиктеп белеси

Мезгил сызат, турмуш анын кемеси

Обондорун уккан кезде тартылат

Өңү-түсү сымбат, келбет элеси.

Улуу төкмө, сөзү, ыры шай келген,

Төрдө отураар төкмөлөрдүн төрөсү.

 

Эшмамбеттей «тул каранын» урпагы.

Элдин сөзү: «чоң теринин бучкагы

Айтар сөздүн терең талдап маанисин

Айтыш өнөр финалында чуркады.

Далай кыйын акындарга туш келген

Акындардын алпы жана тулпары.

Он беш жашар курагында Элмирбек,

Казак-Кыргыз айтышында жеңди-деп,

Кабар келген Ала-Тоону аралап,

Кыргыз эли куттуктаган белгилеп,

Элдин калыс сөзү айтылган ошондо,

Бул замандын Токтогулу келди-деп

Таасир алган Тууганбайдай жоргодон,

Мүчүлүшүн кеңеш айтып оңдогон.

Жактырчу эмес халтураны, калп сөздү

Эргип ырдап эл таламын коргогон

Универсал талант болчу Элмирбек

Илгери үмүт, максат-мүдөө болжогон.

Терме насаат, үлгү менен нускасын,

Сөздүн таамай, нукурасын, кыскасын.

Аз өмүрдө таштап кетти элине.

Төгүп ырдоо кандай болоор ыкмасын.

Салтын улап залкарлардын илгерки,

Бек кармады адамдыктын туткасын.

«Таазим, сизге, Сагымбай, Ата!»

Кадимкидей өткөн сымак тирилик,

Асмандагы жылдыз, айы биригип.

Сиз айтканда бүт теребел тынч алып,

Калчу дешет Манас кайра тирилип.

Кырк чилтени күтүп сизден ишарат,

Келишкенде булут тарайт түрүлүп.

Сагымбайдын сүрдүү, айбат доошунан,

Кас-душмандар каччу экен бүлүнүп.

Айкөл Манас, Алмамбеттен чочулап,

Кан Коңурбай келин болгом жүгүнүп.

Улуу гений Сагымбайдын «Манасын»

Оку,үйрөн,көңүл бургун үңүлүп.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

двенадцать − 2 =