Соттон адилеттик издегендер же акыркы үмүт Президентте

0
14

Адилеттик дегендин жок болушу-бул адамдын туура жеринен күйгүзүп же акыры өлтүрүп тынат. Адам зат жашоосундагы адамдар түптөгөн мыйзамдуу жашоо, ага баш ийүү нормалары деле бекеринен чыккан эмес. Адамдардын жүрүм-турум эрежелерине жалпы бирдей укуктук милдеттер коюлуп, аларды тескөөчү, тейлөөчү, калыпка салуучу, адилеттигин аныктап берүүчү кызматтар да бекеринен пайда болбогондур. Жашоодо эки жактуу талаштар жана тактоочу учурлар көп эле болот. Аны көрсөтүлгөн мыйзамдар менен адилет чечип берүү милдети сотторго берилген. Мына ошол соттордо адилеттиктин жоктугу коомдогу башаламандыктардын, мыйзам бузуулардын, кылмышкерлердин көбөйүшүн шарттайт. Кыргызстанда сот адилеттигине болгон нааразычылыктар жыл санап күчөп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Муну өзүбүздүн бийлик деле четке каккан эмес. Ар бир жаңы келген бийлик сот реформасын жасоо керектигин айтышат. Демек, соттордо коррупциялык иштер дале болсо күчүндө.

Дал ошол сот адилеттигинин жоктугу боюнча  арызын айтып барбаган жери, какпаган эшиги калбаган, акыры айласы курганда Президент Жээнбековго чейин кайрылган Гулмира Жаркынбаеванын уулу Жакшылыктын өлүмүнө байланыштуу окуя учурдагы соттордун элге кылган мамилесин, адилеттигин ачык көрсөткөндөй.

 

1987-жылы Токмок шаарында туулган Дүйшөналиев Жакшылык 2016-жылдын июнь айында  кимдир бирөөлөр тарабынан токмоктолуп, айдап жүргөн Бус “Спринтер” машинасында өртөлүп өлтүрүлгөн. Мындай адам колу баргыс айбанчылык өлүмгө шектүү катары Токмок шаарынын тургуну, өзүн бизнесмен атап жүргөн, бирок ошол айланага аферист катары таанымал Бурулсун Чылпакбаева аттуу аял кармалган. Анын кармалышына ага чейин Чылпакбаева менен маркум Жакшылык Дүйшөналиевдин мамилесинин бар экендиги себеп болгон. Чылпакбаев жаш баланын башын айлантып, ар кандай өзүнүн мыйзамсыз, афералык жеке кызыкчылыктарына пайдаланып жүргөнү  териштирүүлөрдө, суракта айкын болгон. (окуянын баяны көп, аны кийинки убактарда толук беребиз)

Мунун акыры кырчындай, эне сүтү оозунан кете элек Жакшылыктын өлүмү менен аяктаган.

Жакшылыктын сөөгү Кегети капчыгайынан өз унаасында өрттөлгөн абалда табылган. “Уулумдун эч жери калбай күйүптүр. Жакшылык экенин анын маңдайындагы тиштеринен тааныдым” дейт Жаркынбаева.

Ушундай жүрөк үшүн алган окуя боюнча кылмышкерлер кармалып, бирок 3,5 жылдан бери сот аларга өз өкүмүн чыгарбай созуп келе жатканын айткан Жаркынбаева ушул кезде деле соттордон туура чечим чыгарып берүүсүн талап кылып келе жатат. Кылмышкер катары кармалган Чылпакбаева сот залынан ар кандай коркутууларды жасап, ал турсун “кызылдарында, черныйларында сатып алгам” деп, чырактай жалгыз уулунан айрылган Жаркынбаеванын заманасын кууруп, ачык эле сотторду да сатып алып коерун ошондой амалдары менен көргөзгөн. Кечээ, бул иштер боюнча соттук процесс болуп, анда Чылпакбаеванын адвокаттары Э. Дайырбекова менен Жолдошбек кызы Л. Камырабй туруп соттон аны актап берүүнү суранышкан. Ал эми айыптоочу А.Эшимбеков Чылпакбаевага 13 жыл сураса, Жаркынбаеванын адвокаты Хашимов 25 жыл эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирген.

Бул окуя боюнча дале болсо сот адилеттиги иштебей жаткандай. Сот процесси жүрүп жаткан учурда өздөрүн актоого далилдери жетишсиздиктенби, Чылпакбаева Жаркынбаеваны «Бул аял баласына кайгырбай эле менин менчигимди санап жүрөт…… Мен сени өлтүрбөйм. Мен чыгам, анан сен мени үлтүрөсүң, анан менин ордума отурасын…Ошондо көрөсүн,түшүнөсүң” деп кемсинтүүгө алса, бир жагы коркутууга чейин барган. Жаркынбаева мына ушундай жагдайларды да эске албаган сотторду, аны ушул кезге чейин кармап 4 жыл аяк бастырганына капа. Кала берсе, ачык эле сотторду да «соодалап» койгонун ачык эле айтат.  (Сүрөттөгү аял Б.Чылпакбаева)

Сыягы, ушул тапта деле аларга карата кылмыш иштеринин аягы жабырлануучу тараптын оюндагысындай бүткөн эмес. Жалгыз уулунан айрылган Жаркынбаева ушул кезде деле соттордон адилеттикти издеп, атайын маалымат булактары аркылуу коомчулукка кайрылып, Президент, өкмөт жана депутаттардан бул иштер боюнча кызыгып коюуларын жана соттук адилеттике көз жумуп коюшпастарын өтүнүп келүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

4 × пять =