Сот реформасы таш каптыбы?

0
1223

Бийлик сот реформасынынташ кабышынын болушун моюнга алганы тууралуу өткөн жылдын ноябрында ММКларда айтылып өткөн. Ага өлкөнүн парламентинин алдында А. Атамбаевдин сөзү себеп болгон. VI чакырылыштын депутаттарына кайрылып жатып “соттородун обективдүүлүгү жана тазалыгы ачык маселе бойдон калууда”, ошондой эле  сотторду тандоо Кеңеши бул проблеманы чечүүдө “өзүн актай албай калганын”  күйүп айткан.

Реформа тунгуюкка кептелдиби?  

Сот реформасын өткөрүүдөгү мындай мүнөздөмө биринчи жолу, биринчи жылы айтылып жаткан жок. Укук жаатындагы эксперттердин көбү өткөрүлгөн реформадагы кемтиктерди бир канча жолу көрсөтүп келишкен. Юрист Нурбек Токтакуновдун айтканына караганда, «азыркы Жогорку Соттун составы мурункусунан эч кандай айырмасы жок». Анын коллегасы Эрик Рыскулбеков болсо, жаңы шайланган соттор жана алардын чечимдери үчүнчү революцияга же мамлекеттик төңкөрүшкө себепчи болорун билдирген.

Албетте, укук коргоочулар өз бааларын күтүлгөндөй курч, атүгүл келишкис түрдө беришкен. Ал эми бийлик жана Фемиданын өкүлдөрү ага каршы жылма гана сактануу менен реакция кылышкан. Акыры эл президенттин соттордун аппак эместигин, система жөнгө салынбагандыгын көзгө сайган баа берүүсүн угуп отурушат. ММК үчүн Атамбаевдин сөзү акыркы инстанциянын вердикти катары көрүүсүнө өбөлгө болду. Анткени президент бул- тарыхый жараянды жөн салды эле байкап турган тарап эмес, тескерисинче түздөн-түз демилгечи. Анын указы менен Кыргызстанда 2012-жылы январда реформа расмий түрдө башталган. Бирок, Атамбаевдин цитатасына жакшылап көңүл бурса, анда журналисттердин тыянагы кээ бир мааниде эртелик кылган. Чынында Атамбаев реформанын туңгуякка кабылганын моюндадыбы? деген суроо туулат. Мында сот реформасынын түпкү табиятын караса болот.

Соттор кимдер?

 Сот системасынын реформасына байланыштуу пикирлердин көбү судьялардын иштөө сапатына такалат. Сынга судья корпусунун түзүлүү жараяны жана алардын кабыл алган чечимдеринин адилеттүү жана эркин болуусу кабылган. Бирок, сотторду тандоону өткөрүп алуу – бул реформа айсбергинин учу гана. Албетте, соттор адилеттик системасында чечүүчү ролду ойноору анык. Бирок, судьялар коюлган укук системасынын чегинде гана чечим чыгаруучу адамдар экенин түшүнүш керек. Судьялар айыпталуучу жана жактоочу тараптан (тергөө, укук коргоо органдары) алган маалыматтарга гана таянат. Ар бир сот жараянынын алдында сот адилеттүүлүүгү системасынын учугуна эбегейсиз жумуштары туура келет. Сот корпусунун составын алмаштыруу менен бүт сот механизмин өзгөртсө болот дегендик жаш баланын сөзү. Сот реформасынын реформасы – абдан татаал анан да жарыбаган иш. Анткени түпкү эсепте башкы максат жогору жактын мыйзамы менен адилеттүүлүгүн орнотуу саналат. Бул иш бир жылдык, же он жылдык эмес. Ошол үчүн судьялардын составын өзгөртүү эч бир оорууга дааба болуп бербейт.

Ким ууру менен жашаса, ал уурдаганды үйрөнөт

Ушул жерден бир маанилүү суроо туулат: эгер айыпталуучу акталып сот залынан бошотулса, бирок ал бошонгонго чейин СИЗОдо бир жарым жыл жаткан болсо, ага актоо өкүмү кандай таасир берет? Албетте, ал такыр башка адам болуп чыгат. Күнөөсүз адам кылмыш дүйнөсүнүн шартына аргасыздан чөмүлөт. Анын аң-сезими өзгөрөт. Түрмөнүн босогосуна кадам таштаары менен ал укук нормасы менен ой жүгүртүүнү унутуп, «понятия» деген түшүнүккө өтөт. Жез мискей уурдаган адам ачкадан өлүп калбас үчүн ошого барды дейли. Ал тамак табууда андан башка аргасы калбады, башкача айтканда мунун мотиви кылмыштуу эмес, экономикалык болушу мүмкүн.

Жардылык кылмыштуулуктун булагы катары…

Анда мамлекеттин милдети – жарандардын жашоосун жакшыртуу гана эмес, «кокустуктун» кылмышкерлери мыйзам бузууга кайра кирептер болбогондой кылыш керек. Бул жерде башка суроо туулат. Чындап эле биздин лагерлер жана жазаларды аткаруу системасы коомдун жыргалчылыгы үчүн иштейби? Абактан чыккан жарандарда адептүү жана мыйзамды уккан адам болооруна ишенич барбы? Башкысы — күнөөсүн сезип, кайрадан мыйзамды аттабаганга аң-сезими жетеби?  Тилекке каршы Кыргызстандын расмий статистикасы рецидивдердин так эсебин беришпейт экен. Бирок, иш жүзүндө «каралардын» дүйнөсүнөн «ак» ой жүгүртүү менен чыгышы оор деген ойго алып келет.

Мыкты коргонуу – сатып алуу

 Же башка вердиктти окуудагы символикалык балка менен уруу  «акыркы сөзү» өңдүү жараяндарын карап көрсөк. Чынында, Кыргызстанда  баары адаттагыдай өтөт. Укук коргоо органдары далилди, ишти даяр формада беришип, прокуратура адилеттүү сот органы катары эмес, айыпталган тарапка инквизациялык маанайда турат. Судьялар прокурордун тыянактарын угуп, жактоочулардан ачык эле пара алып жиберчүдөй болушат. Бул айыпталуучунун тагдыры турган жактоочулардын уятсыз учугу базарда кем калбаган «разводилалардай» көрүнөт. Атүгүл, айыпталуучунун багы айтып, сатылбаган, адилеттүү судьялардын  колунда калса да, баары бир ал узак «тозоктун» айлампасынан өтөт. Тагыраак айтканда, аткаруу-процессуалдык айлампанын тозогунан… Эгер каршысында бүтүндөй мамлекеттик машина жалгыз бирөөнө каршы иштеп турган бул жагдайда жактоочу кандай ийгиликке жетет. Сот адилеттигинин жазалоочу системасынан кантип натыйжалуу жактоочу чыга алат?

Кыйроо ушундай болгонбу?

Президенттин сөзүнө кайрылып жатып, кайра эле суроо жаралат: реформа таш капканбы же жокпу? Президенттин сөзүн таш кабуу катары кабыл алса болобу? Таш кабуу көз карандысыз жана сатылбаган  соттор корпусун куруу аракетинде болгон. Жөнөкөй эле көз менен караса, судьялар көп учурларда саясый жана экономикалык кызыкчылыктардын марионеткасына айланууда. Башка жагынан алганда судьяларды жаңылоо – бул биринчи, сот реформасынын эң жөнөкөй кадамы экенин эске алсак жүрөк түшөт. Алдыда дагы чоң масштабдуу реформа күтүп турат: административдик кылмыш-процессуалдык, кылмыштык норма ж.б. кодекстер. Ири мыйзам чыгаруудагы өзгөрүү сот системасында жашого ийкемдүү чөйрөнү калыптандырат. Бирок, бул чөйрөдө судьялар механизмдин бөлүгү гана болуп калат. Анда чыныгы сот реформасы эми гана башталып, ал судьялардын колунда эмес болуп калат.

Анда тизгин кимдин колунда?

 Буга суроого жооп издесек, ал өзүнчө философиялык диспутка айланып кетет. Андан көрө сот реформасын ишке ашырууда жөнөкөй эле шарттарды санаганыбыз оң. Жарандар бийликке ишенет. Жарандардын кызыкчылыгын сотто күчтүү жактоочулар коргойт. СИЗО, колония, түрмөлөрдө адамдарды кармоо шарттары оңдолуп, кийин бошонгондо коомго тез адаптация алышууга жетишет. Милиция, прокуратура өз тапшырмаларын адамды камоодон эмес, адилеттүүлүккө жетишүү көрөт. Бардык жарандар укук талаасында ой жүгүртүшөт. Баары «понятия» боюнча эмес, мыйзам менен жашашат. Бул шарттар бир караса идеалдуу, анан да жаш баланын сөзүндөй угулуп кетет. Бирок, бул бүтүндөй өкмөткө тапшырып, анан ийгиликтүү натыйжаларды күтө турган сот реформасынын тапшырмасы гана эместигинин жышааны. Укукту ойлогон коом үй-бүлөдөн башталып, университеттерде улантылып, ар бир адамдын адеп-ахлактык баалуулуктарына барып такалат. Эгер ата-эне баласына уурдоо – бул жаман экенин үйрөтпөсө, Кылмыш кодекси эч качан бул адам үчүн келечекте тоскоолдук кылбайт.

Ырас, бул соттор корпусунун куралышынын кыйшакташы үчүн жоопкерчиликти бийликтен алып салуу дегенди билдирбейт. Бул — сот реформасы ар бир жарандын катышуусусуз мүмкүн эмес жана пайдасыз демек.

Замира Макиева

Бул макала Бишкектеги Улуу Британия элчилиги каржылаган ПРООНдун «Кыргызстанда стабилдүүлүктү жана тынчтыкты сактоо үчүн укуктун үстөмдүгүн бекемдөө» проектисинин колдоосу менен басылды.

разместит слева

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × четыре =