Суунун  башы Көкүмбек, кое берет өзүм деп

0
11

Өткөн жылы январь айында ЖКнын жыйналышында депутат Алмас Акматов деген депутат Суу чарба департаментинин башчыс Көкүмбек Таштаналиевди таш менен эле ургандай кылган. Анда депутат Таштаналиевди ал тейлеген департаментти өзүм билемдик менен башкарып жатканын айткан. “Сиз бул кызматта көптөн бери иштеп келе жатасыз. Ошол учурда сиздин үстүздөн көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Айтсам, жумушчуларыңызды мыйзамсыз жумуштан кетирүү, мыкты кызмат орундарына мурда соттолгон кадрларды тандоо дегендей. Бул мекеме эмне жеке сиздин менчик ишканаңызбы?”-деген болчу депутат. Ошентип, комиссия түзүлүп, аталган мекемени текшерүүгө алышмак болгон. Башына депутат Алмас Акматов турган. Эмне болду ким билсин. Акматовго актанганды кызматына коюп тындыбы ал жагын билбейбиз. Бирок, Көкүмбек мырзанын дал ошондой мыйзамсыз аракеттерин, туугандарын тайраңдаткан өзүм билемдигин уккан жайыбыз бар. Азыр деле ал жетектеген мекеменин бир топ майлуу кызматтарында бажалары, күйөө балдары баштаган туугандары отуруп алганын айтып бүтө албагандар толтура. Башкасы айтпайлы, Таластагы Суу чарба башкармалыгынын ХОВО машинасын айдап иштеген Сабыр деген бажасы, каалаганын кылып, мамлекеттик мекеменин машинасын каалаган учурда жеке жактарга пайдаланып жүргөнүн, ал турсун ал мекеменин экскватор трактору менен экөөлөп “шабашка” иштерди кылып кыдырып кеткендерин айткандар чыгууда. Чындап келсе мамлекеттик мекемеге тийиштүү унаалар жеке тараптардын жумушун кылууга эч кандай мыйзам жол бербейт. Бирок, «уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат» дегендей, колдоочуң коргоп турса, азыр эмнени гана кылганга болбойт? Талкалаганча эмне, бажа бар. Токтотуп жаңысын айдайт, кеп бекен? Ансыз да, алдыңкы машиналарды бажасынын арты менен айдап, эскисин эсирип, бир шордууга карматып койгону биринчи деле эмес экен.

«Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре × один =