Такфиризм диний радикалдардын эң коркунучтуусу

0
1593

Бардык диндер – мына чыныгы кылмышкерлер, анткени алар биздин (“ушул жерде жана азыр”) бактылуу жашоого умтулуубузду жок кылып, майрамдоону, күлүүнү сезүүдөн ажыратат. Алар жашоонун кенедей кубанычтары менен ырахаттанууга уруксат бербейт. Алар бакыт үчүн табигат берген нерсенин баарын жактырбайт. Раджниши

Такфиризм диний радикалдардын эң коркунучтуусу

Өткөндө Бишкектин борборунда эки жерде антитеррордук Атайын операциянын жүрүшүндө мурун издөөдө жүргөн Казакстан жараны Жанбулат Амиров Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан жок кылынган. Алар Бишкекте Орозо айт 500 килограмм аммиак селитрасы менен колго жасалган бомба аркылуу намазда жардыруу уюштурмак. Андан кийин алар Канттагы авиабазада терракт уюштурууну көздөшкөн. Маалыматтар боюнча, алар «Ислам мамлекетине» ант берген казакстандык «такфиристтик» уюмдун мүчөлөрү болгону кабарланган. Жок кылынган Жанбулат Амиров апрель айында Кыргызстан абагынан качып чыккан. Анын шериги Альберт Абхин 1-июлда милиция кармаар алдында өзүн-өзү жардырып жиберген. Жалпысынан  операция учурунда жети киши кармалган эле. Ошондон улам булар кимдер жана алар мүчө болгон «такфиризм» эмне уюм экендиги тууралу маалыматтарга кызыктык.

Казакстанды жүдөтүп келген такфириттер

саид бурятский«Такфиризм», «такфиро-жихадизм» же “ат-Такфир ул хижра” аталыштагы ислам диний идеологиясы азыркы учурдагы радикалдык диний кыймылдын эң коркунучтуусу болуп саналат. 2010-жылдары казакстандагы жасалган террордук актылардын артында такфиро-жихадизмге негизделген идеянын жолдоочулары турган. Идеология адегенде, тээ 2000-жылдары Сириядан Түндүк Кавказга, андан Казакстандын батыш жана борбордук облустарына өтүп келип тараган. Орто Азиянын башка аймактарына да ушул областардан таралганы Ат-Такфир вал Хижранын негиздёёчщсщ Ахмад Шукри Мустафаайтылып келет. Кыргызстанга бул идеологияны казакстандын такфириттери алып келди деп айтууга айтылган антитеррордук операциядагы кармалган казакстандык жаран негиз берет. Анын үстүнө такфирит, мадхалит диний идеологиялары Казакстанды жакшы эле жүдөткөн. Казакстандагы такфиризмдин жигердүү үгүтчүлөрү Айюб Астраханский, Халил Абдужаббаров (шейх Халил, аны атайын кызматтар казак можехеддеринин «руханий лидери» катары санайт. Ал бир канча жыл Атырауда расмий дарс берип келген. Угуучулары арасында азыркыга чейин чоң абройго ээ. Халил азыр Интерполь аркылуу издөөдө, Сауд Аравиясында жашырынып келери айтылат.) жана Саид Бурятскийлер (Александр Тихомиров,  2009-жылы Россия ФСБ тарабынан Ингушетияда жок кылынган) болгон.

Халил шейхАлардын идеясынын өзөгү өздөрүнөн башкаларга, башкача айтканда алар четке каккан каапырларга же мамлекет өкүлдөрү, президент, армия жана укук коргоо органдарына куралдуу жихад жүргүзүү болуп саналат.

Такфир сөзүнүн түшүндүрмөсү

Такфир сөзүнүн терминдик мааниси, динден кайтуу, каапырлыкка айыптоо. Араб сөзүндө “такфир”  сөзү “кафара”, “кафир” этишинин “ишенбөө”, “ишенбөөчүлүктө болууну” билдирет. “Кафир” – каапыр, ишенбеген, кудайсыз, ошондой эле бул сөздүн дагы бир “шүгүрсүздүк”, “жашыруу” маанилерин да берет. Ошентип, “такфир” сөзүнүн диний мааниси анык бир адамдын, топтун ислам дининин жалпы эрежелеринин рамкасынан чыгуу, исламдын негизги принциптерине каршы келип, исламдан чыккандарды каапырлыкка айыптоону билдирет. Ошондон улам, кимге «жихад» жарыяланса, кандай гана жагдай, абал болбосун дароо «согуш» жарыялай алышат. Алар турган жайдабы, башка өлкөдөбү, согушууга зарылчылык болсо дароо ишке киришет. Согуш очоктору тутанган Жакынкы Чыгышка, Сирияга, Йемен, Афганистан сыяктуу өлкөлөргө дал ушул такфиризм жана жихадизм же «Ат-Такфир вал-хижра» идеологиясына сугарылгандар чыгып кетишүүдө. Алар сыртка чыгууда укук коргоо органдарын алаксытуу максатында өз ынанымдарын жашыруу тактикасын колдонуп, сакал муруттарын кырып, эл көзүнө спирттик ичимдик ичишип көздү жазгырышат. Сыртка чыгып алгандан кийин алар эки фронтто ойношот бири согуш аракеттерине катышса, экинчиси интернет аркылуу башкаларды үндөйт.

Такфиризм — радикалдык топтордун «экинчи мууну»

Саясатчылардын аныктамасы боюнча, такфириттер радикалдык топтун «экинчи муунуна» таандык. «Классикалык» саясий исламдын «биринчи мууну» «Мусулман боордоштор», «Хизбут-Тахрир» ж.б.дан  айырмаланып, такфириттер максаттары үчүн (формалдуу жарыяланган, мисалы шарият башкаруусун киргизүү, халифаттык куруу. ж.б. карабай) күрөшүү талаптары так коюлган, анык бир саясий максаттарды көздөп, ага жетишүүгө толук ишеничте турушат. Башка классикалык саясий исламдын өкүлдөрү болсо, ислам мамлекетин куруп, анда жашоого кыялданышса, такфириттер ал үчүн эртелеп өмүрүн курмандыкка чалышып, жихадда өлүүнү самашат.

Такфирлердин идеологиясынын өзөгү

Казакстанда өзүнүн алгачкы идеологиясынын өнүгүү процессинде айыптоо практикасын ашыкча пайдаланып, «ташрик» — адамды көп кудайга сыйынуучулукка (мушрик)  айыптап, анан ага «такфир» каапырлыкты таккан. Светтик өлкөнү жана анын башкаруучусун «тагут» — путтар же идол, тагыраак айтканда жөн гана административдик башкаруу эмес, кудай катары баш ийүүнүн обьектиси катары карашкан. Мына ушул тезис такфирлердин идеологиясынын топтомунун чечүүчү орунун ээлеген.

Чүмбөттөөнүн үч баскычы

Такфирлер өз катарын көбөйтүүдө жаштарды чүмбөттөөгө жигердүү басым жасашкан. Алардын мээлерин чайкоо  аракети үч баскычта өтөт. Биринчи баскыч: адептке «ким намаз окубаса – ал каапыр» жана «ким Алланын мыйзамы менен өкүм кылбаса – ал каапыр» идеологемасын каныктыруу. Экинчи баскыч: «хижра» (орун которуу) практикалык түрдө аткаруу: башка жайга, шарият иштеген өлкөгө, эң болбогондо согуш жүрүп жаткан жайларга чыгуу же барып келүү. Же болбосо «ички эммиграция» — коомдон оолак, тууганчылыктан баш тартып, лидерге катуу тартипте баш ийип тар чөйрөдө болуу. Бул тактика бардык секталарда колдонулат. Үчүнчү баскыч – экинчи этаптан ийгиликтүү өткөндөр үчүн псевдо-жихадка – практикалык түргө өтөт: же күч структураларына өзүн-өзү жардыруу аркылуу чабуул жасоо, же бандитизм, уурулук менен алектенип, жихад үчүн «каапырлардын» мүлкүн  тартып алуу (мындай олжонун ¼ бөлүгүн өзүнүн шариятты түшүнүгүнө жараша өзүнө калтыра алат. Бул согуштук олжо түшүнүгүнөн улам чыккан). «Такфиризм», «такфиро-жихадизм» же “ат-Такфир ул хижра” деген үч аталышы мына ушул чүмбөттөө баскычынын үч этабы: Бири каапырлыкка айыптоо – “такфир”, экинчиси – “хижра”-көчүү, үчүнчүсү – “жихад”.

Такфиризм — бул

Такфиризм – бул мусулмандарды каапырлыкка айыптоого негизделген, ошондой эле, исламдын фундаментелдык версиясына жана ишенгендердин диний сезими үстөмдүк кылуусуна жана исламдын ыйык текстерин манипуляциялап, бурмалоо жолдору менен калыптанган идеология. Такфиризмдин маңызы – бул коомчулуктун курумун, мамлекеттик түзүлүштү жана анын саясий системасын жаруу. Такфиризмдин акыркы максаты – бул мамлекеттин системасын өзгөртүп, шариятка негизделген ислам өлкөсүн түзүү. Баса белгилөөчү учур, такфирчилер өздөрүн такфир атабайт, тескерисинче “салафит” же “ахли сунна вал жамаат” аташат.

Асыл БЕКТЕН

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

шестнадцать − 8 =