Таластагы Жерүй алтын кенинде кырсык болгону айтылууда

0
1238

 

Таластагы Орусиялык  “Альянс Алтын” ишканасы ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Жерй алтын кенинде адам үрөйүн учурган кырсык катталганы айтылууда .Ал жердеги ортомчу компаниялардын биринин өндүрүштүк мекемесинде, түнкү саат 1лер чамасында, катуу кыйкырган үн угулган соң, кароол кызматындагылар угуп ал аймакка жетип барганда, мекеменин ичинен ал жерде иштеген жумушчунун бир бутун алдырып, өзү темирге жабышып жатканын көрүшкөн. Дароо тиешелүү адамдар чакыртылып, жабыр тарткан жумушчу  Талас ооруканасына жеткирилген. Маалыматтарга караганда кызматкер мекемеде иштеп турган станокко буту жаза тайып кирип кетип, бир бутун тизеден ылдый талкалап, жулуп кеткен. Бактыга жараша өзү ал жердеги темирлердин бирин кармап, бир бутунан башка жери аман калган. Башкысы аман калганына шүгүр дейли. Бул боюнча тиешелүү кызмат маалымат берип, аталган мекеменин коопсуздук чаралары боюнча дайындоолору, тартиптери, шарттары текшерилет деп үмүт арта туралы. Болбосо, өндүрүштүк мекемелерде шалаакылыктардын, кенебестиктердин айынан далай адамдардын кырчындай өмүрү кыйылып, бир даарысы майып болгон учурлар көп. Мамлекеттик мекемелер мындай абалды алдын албаса, бир топ жарандарыбыз майып болуп калаары турулуу эле иш. Бул боюнча жана Жерүй алтын кениндеги бир топ иш аракеттерди тактап, болгонун болгондой берип турууга аракетибизди көрөбүз.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

восемнадцать + 11 =