Таласта Бекмолдо айыл аймагында Жерүйгө байланыштуу элдик жыйын болот

0
98

Бул тууралуу интернет булагына “Шумкар Уя Кыймылы” коомдук бирикмесинин мүчөсү жана Жерүй кенинин айланасындагы ар кыл маселелерди иликтөө боюнча Талас облусунун эли тарабынан түзүлгөн Элдик комиссиянын мүчөсү Күнболот Момоконов өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу жазып чыкты. Ал билдирүүдө: “2020-жылдын 24-июнь күнү саат 17.00дө Талас районунун Бекмолдо айыл аймагына караштуу, Сасык-Булак айылында, Райымкул уулу Арстанбек көч., 57 дарегинде «Шумкар-Уя Кыймылы» коомдүк бирикмеси жана жалпы Талас элинин макулдугу менен түзүлгөн Жерүй кенинин айланасындагы ар кыл маселелерди текшерүү боюнча түзүлгөн Элдик комиссиясынын биргелешкен элге маалымат берүү жана маалымат алуу боюнча Элдик кеңешме жыйыны болот”-деп жазган. Бул жыйынга Талас облусунун баардык тарабынан атайын өкүлдөр келип катышаары жана карантин абалга байланыштуу баардык талаптар сакталаары да сөз болгон. Айрым саясий күчтөр уюштурат деп жаткан митингдерге тиешеси жок экени, андай мыйзамсыз аракеттерди колдобой тургандыктары да жазылган.

Бул билдирүүнү “Шумкар Уя Кыймылы” коомдук бирикмесинин төрагасы Турусбек Абыдкеримов менен Элдик комиссия төрагасы Айбек Бузурманкулов да кубаттап өз посторуна жазып чыгышты. Маалыматка караганда облустук жетекчилик ал жыйынды болтурбоонун аракетин көрүп жатканы кабарланууда. Талас телеси аркылуу өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев кайрылуу жолдоп, жыйынды өткөрбөө аракети болоору тууралуу айткан. Бирок, Элдик жыйынды өткөрө турган тарап, жыйындын болоорун, облустук жетекчилик чагымчылдык кылып жаткандыгын, эптеп карантин шылтоосу менен тоскоолдук жараткылары келээри, ал үчүн атайын компаниядан акча каражаты бөлүнгөнү да эл тарабынан кыжырдануу айтылып жаткандыгы коомчулукта сөз боло баштаганын, эгер анчалык Таластын элине, карантинге күйсө, облуста болуп жаткан партиялык жыйындарды, эл чогула турган ар кандай таажыларды да токтотуусу керектигин билдирип жатышканы кабарланууда. Алардын айтымында буга чейин облус өкүлү Мураталиев жана Жерүй кенин иштетүү укугуна ээ “Альянс Алтын” тарабынан түзүлгөн комиссиянын эч токтоосуз Жерүй кенинин аймагына тоскоолдуксуз кирип чыкканы да жалпы элди нааразы кылганы айтылган.  Буга чейин коомчулукта «аталган компаниянын мыйзамсыз аракеттери бар, болбосо Элдик комиссияны өз аймагына киргизүүдөн эмнеге коркот?»-деп сындагандар көп болгон. Чын эле баардыгы мыйзамдуу жана таза болсо мындай аракеттерди кылуунун эмнезарылчылыгы бар эле?

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

четыре × пять =