Таласта иш чатак

0
1778

                                   

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго          

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

               Сизди Президенттик кызматка, жалпы Кыргыз Элинин күнү-түнү чуркаган мээнети жанып, 80% добуш менен өлкөбүздүн Президенти болуп шайландыңыз. Анын ичинде Талас Элинин да кошкон чоң салымы  бар. Буга эң биринчи себеп:  Манас-Атабыздын Ордосуна келип, арбагына таазим кылып, куран айтырганыңыздын арты менен Президент болдуңуз. Арбактар ыраазы болуп, Сизге жол ачты. Андан кийин башка областарга аттандыңыз эле. Сизди шайлап, эми кабыл алууңузга зар болуп, жөнөткөн каттарыбыз өз колуңузга жетпей жатканы өкүнүчтүү болуп жатат. Эми Сизге  ММКлар аркылуу кайрылып, андан кийин өзүңүз менен бетме-бет олтуруп жолугууну чечтик. Ток этеер жери Таласта иш чатак. Сиз менен иштеп жаткан кээ бир сабатсыз кадрлардын жоопкерсиздиги жана чыккынчы кадрлар менен иштеп жаткандыгыңыз. Ошондуктан, кол алдыңызда иштеп жатышкан аппараттын башчы кызматкерлерине, жарандар менен иштөө бөлүмүнүн башчы, орун басарлары Санжар Мурзакановго, Чынара Жаныкеевага жана өкмөттүн Талас облусу боюнча кураторуна, катуу чара көрбөсөңүз болбойт! Булар мамлекет үчүн иштей турган кадрлар эмес экени билинди!

Мына, Сиз Президент болуп отурганыңызга 100 күндөн ашты. Өлкөбүздө   саясий  жана  кадр тандоо боюнча  атмосфера  курч, элдешкис  абалга  келип такалды. “Бетке  айткандын заары жок”-дегендей, өлкө туңгуюкка бара жатат. Өзүңүз айткандай:  мурунку- кийинки бийликте отургандар  30 жылдан бери элди алдап, өлкөбүздү карыздын сазына тыгып салышты. Аларга Кудай  өзү жазасын  берсин! Эми бийлик башына келген Садыр Жапаровго колуна-кол, бутуна-бут болуп, өлкөбүздү өнүктүрүүгө жан дили менен кызмат кылган  жетекчилер иштеши керек. Анткени, Убакыт тар! Тышкы карыз кекиртекте тыгылып турат. Эми жашы-карысы дебей баардыгыбыз жардам берип өлкөнү өнүктүрүүбүз керек деп, — жардам берем дегендерге бут тосуулар болуп жаткандары өтө түшүнүксүз?

Кыргызстан  Президентке жарыбаса, Талас облусу  Башчыга жарыбадык. Ачык айтсак, бир топ жылдан бери Талас облусу боюнча көйгөйлүү маселени көтөрүп келген жарандык активист Айбек Бузурманкулов, октябрь төңкөрүшү менен 270 миңге  жакын калкы бар  касиеттүү  Талас облусуна  жетекчи болуп келип, жакын арада өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кеткен. Андан кийин облус башчылыгына айыл-чарбасынын же “А” сын билбеген же, “Ч” сын билбеген 10 кишинин ортосунда оозун ачып сүйлөй албаган, баш-мээсинде облусту өнүктүрүүнүн программасы жок, жерден чукуп тапкансып, бизге жеткен маалыматтар боюнча, жеп-ичкенден башканы үйрөнбөгөн, кандай гана кызматты аркалабасын 10% доля аты бар (кличкасы) Нарбеков Бакытбек Наркулович саясий чечим менен дайындалган. Бул алтын баштуу жигиттин иштегенине 60 күн болду. Буга Элдин эле эмес, иттин ичи жылыбайт. Мындай Губернатордун кимге кереги бар? Бул эргул айтылуу, элге белгилүү. 2010 жылдын апрель революциясында Таластагы кагылышууда эркек башы менен катындардын көйнөгүн кийип алып, Элдин арасынан качып чыккан азыркы ЖКнын депутаты Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп келиптир. Мейли жаштар келсин, каршылык жок. Бирок, айыл-чарбасы боюнча билим деңгээлдери жогору болсо, тажрыйбасы мол болсо бир жөн эле? Кимиси  болбосун, чет өлкөдөн  инвесторлорго  эмес, үйлөрүнүн короосунан чыга элек жигиттердин  бийлик  башына  келишин эл каалабайт! Эми Талас облусуна такалуу ат миңген, такшалган, элдин тилин билген, жердин ыгы менен сырын билген,Э л үчүн башын сайган өз кадрыбыз келиш керек. Ак үйдөн келген айдап кел, байлап кел деген “десант, дүжүр кадрлардын” кереги жок. Мындай кылбасаңыз Талас облусунун экономикасы биротоло өлдү десек болот.

Эми башкасын айтпай эле коёлу. Талас облусуна 30 жылдан бери 12 Губернатор келип кеттишти. Бирөөсү дагы жыргатып иштешкен жок. Жеп-ичишип, Таласты талкалап кетишти. Алардын эң жаман жери: илгертен бери бир дарыянын суусун ичип, бир тууган болуп келген Элди: “Кушчу-Саруу” кылып бөлүп кетишти. Бүгүнкү күндө Облустун жана райондордун экономикасы тап-такыр артка кетип, коррупция гүлдөп жатат. Азыр райондордо кой-ай деген бир тирүү жетекчи жок. Тартип жок. Ар ким өз билген намазын окуп жатат. Бакай-Ата районунун Акими Чолпон Төрөкулов болсо, “тойдум байдын кызына” деп, өз арызы менен кызматын тапшырып кетип калды. Ал эми Талас жана Манас райондорунун Акимдеринин селдесине чок түшүп отурушат. Айрыкча 2016-жылдын август айында  Мухамедкалый  Абылгазиев  иш боюнча   биздин районго кыдырып келген. Ал бир сааттын  ичинде эле,  азыркы 1978 жылы туулган Сыдыкназаров  Баратбекти Аким кылып отургузуп кетти. Көрсө, бул жигит М.Абылгазиев Кыргыз Республикасынын  Соцфондунун төрагасы  болуп турганда ишеничтүү   жардамчысы болгон экен. Ошол себептен иштей албай жатса да кызматтан түшпөй келген. Бул жөнүндө Өкмөттүн аппаратында уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Эмиль Бузурманкуловдун да нааразы болгонун  укканбыз. Бул жигит 2016-жылдан  бүгүнкү  күнгө   чейин иштеп, же районго   бир тыйын дагы  пайда  келтирбей,   же  пайдалуу   иш кылбай, жалаң  гана  Абылгазиевдин чөнтөк   Акими болуп келгенин  асмандан Кудай, көргөн  биз тирүүбүз. Айтпасакта былыктары толтура. Бизге чейин Талас районунун соц.фондун талкалап келип, биздин районго Аким болуп отуруп калды. Же  эл тааныбаган, же эл менен иши жок  Акимдин кимге кереги бар? Эми кыйратып койгонсуп Сузак районунуа ротацияны күтүп жатам.  Мен Камчыбек Ташиевге шайлоо учурунда “Багыш уруусунан добуш алып берип, чоң жардам кылгам”-дейт. Мына Сузакка ротация боло турган себебин айткан Акимдин деңгээли,-деп Кара-Бууралыктар каргап жатышат.

Урматтуу  Садыр Нургожоевич!

1.Эми ачык каттын ток этээр жери: Өзүнүз  менен  10 жылдан бери ысыка  күйүп, суука  тоңуп бирге жүргөн, экс-депутат Жылдызкан Жолдошеванын   айткандарын  толук колдойбуз. Сиз туура түшүнүңүз, “Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат”— дегендей, ал Сизге  жана өлкөнүн  келечегине  күйүп  айтып жатат. Сиздин тегерегиңизди  жалаң   мурунку-кийинки бийликтин  шакалдары, карга-кузгундары, ач көздөр, коррупционерлер  курчап алды  деп  көрүп билип айтып жатат. Алар өлкөнү өнүктүрө  турган  кадрлар эмес, өлтүрө  турган кадрлар. Беш президентти жардан кулаткандар, Сизди дагы жардан  кулатат! Аларга алданбай терең Ойлонуңуз! Бул кадрлар менен Сиз алыска барбайсыз го деп ойлойбуз! Жакын арада Акимдер ротация болот. Таласка Оштон келет экен деп угуп жатабыз. Эгерде ротацияны этап-этап менен жасабасаңыз, анда Кыргызстандын экономикасы дагы 4-5 жылга артка кетет. Ошондуктан ойлонуп ротация кылуу керек. Сиз каалайсызбы же, каалабайсызбы туура түшүнүңүз. Атам замандан  бери Эл экиге бөлүнүп келген. Анткени, Оштуктардын менталитети өзгөчө башка. Ошондой эле Талас Эли орус-немец калкы менен аралашып өзгөчө болуп калган. Оштон келе турган кадрлар жалаң өз кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп иштешет. Бул өлкөбүз боюнча белгилүү болуп калбадыбы. Айрыкча экс-президенттер Алмаз Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун учурунда далилденбедиби. Мындан тышкары баардык эле Акимдер ротацияга макул болушпайт. Мисалы: Алайдан-Нарындын Ак-Талаасына ак топурак чачса дагы барышпайт. Отказ кылат. Бул факт. Буйруса жакын арада угула баштайт.

 

  1. Элдин жана мамлекеттин келечегин ойлосоңуз, ансыз да өлкөдө бүгүнкү күндө, мамлекетке бир сомда пайда кылбаган 40 миңден ашык пенсионерлер иштеп жатышат. “Азыр жаш курагына карабай, өлкөгө инвестор алып келген, иш билген азаматтар иштеш керек,”деп айткан жалындуу сөзүңүздүн реалдуу чындыгы бар болсо, — анда бир топ жылдан бери коррупцияга батып, экономикасы талкаланган Талас облусунун Губернатор ордун саясий чечим менен жалпы Эл-журт каалаган кадрды дайындооңузду талап кылабыз.

 

3.Биздин Талас облусубуз атактуу   Чыңгыз Айтматовдун киндик каны тамган жер. Ошондуктан  ротация  шылтоосу  менен  жаш кадр деп, облуска иштин көзүн  билбеген Айдан, Алайдан, Ала-Букадан, Оштон келген  адамдын кереги жок. КПССтин учурунда 1984-85 жылдары Талас облиспалкомуна атактуу генерал Эргеш Алиевдин уулу, Эркин Эргешович Алиев келип бир жылда качып кутулган. Ал эми экс президент А.Атамбаев учурунда Ала-Букалык прокурор кызматкери Байыш Жуманазаров Хюре драмасы менен шерменде болуп куулган. Бул факт. Себеби  бизге  тиш каккан, экономиканы  көтөргөн, элди баккан, тажрыйбалуу, реформатор, эл үчүн  өмүрүн  арнаган Губернатор керек. 30жылдан бери иштеген Губернаторлордун түштөрүнө кирбеген бурулуш жасайт деп ишенебиз.  Ал өз жердешибиз:  Элдик көп тармактуу ишкананын башчысы Жапаркул Тургуналиев. Бул адис дүйнөдөн  өтсө  дагы , эл үчүн  жасаган таза эмгеги, мээнети,  келечек  муунга  сөөгү  менен кошо, түбөлүкө  эсте  калат деп ойлойбуз. Себеби анын колунда районду эле эмес, Талас облусун  өнүктүрүүнүн эң сонун план программасы бар адам экенин көрүп турабыз. Ачык айтсак бул адис Талас облус башчысына татыктуу, облусту тарыхта калтыра турган  кадр.

Ойлонуңуз Урматтуу Президент!

 

4.И.Сталин айткандай: “Кадры  все решают”-дегендей  жана  күчтүү  кадрлар менен, күчтүү   мамлекет жаралат деп таамай  айтылган сөзгө  маани бериңиз. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Жылдыз Жолдошева айткандай: Кадр маселесин кол алдыңыздагы эски бийликтен калган шакалдар, Сиздин ишенчеек адам экениңизди билип алышып, башыңызды айлантып жатышат. Алар мурункудай эле кадр маселеси боюнча ортого түшкөндөрдөн устуканын алышып дайындап жатышат. Буга мисал катары: Таласка Бакытбек Нарбековдун келишине, Сиздин бакандай кудаңыз Кара-Бууранын Аманбаев айылындагы кесиби физрук Керимжан Төкөнов (Кеша) аралашканы ачык эле элге билинип калды. Муну Бакыт өзү да айтып жатат. Бул Сиздин абройуңузга катуу сокку болду дейбиз. Бакытбек Нарбеков айыл-чарба университетинде мугалим болуп иштептир. Андан кийин Сооронбай Жеенбековдун убагында Ак-үйдөн Таластын куратору болгон. Өзгөчө кыйын адис дешип, “Апендинин кызындай макташып”, Сизди ишендирген окшойт. Ата-теги, жери Көк-Сайлык болгону менен, Таластын табигый сырларын билбейт! Эч кандай жетекчилик жөндөмү жок. Ачыгын айтсак Б. Нарбеков Губернаторлук кызматка эмес, айыл башчысына да татыктуу эмес экенин көрүп жатабыз. Мындай Губернатордун бизге кереги жок! Мына Президенттик аппараттын кадр саясатынын тас кейпи!

 

5.Элдин, дыйкан-фермерлердин үнүн уккусу келбеген, кабыл албаган, Эл менен иши жок “аппаратчик”, облустун башчысы Бакыт Нарбековдун тез аранын ичинде кызматтан кетүүсүн талап кылабыз. Себеби эл менен иштөөнүн көзүн билбейт, иштеген иши, жасаган жумушу минус нөлгө барабар десек болот. Колунда облусту өнүктүрүүнүн проект-программасы жок. Анан кантип Таласты өнүктүрөт? Элдин убалына калбай, кетип калсын!

 

  1. Талас облусунда Губернатор-Өкмөттүн өкүлү Бакыт Нарбековбу же, Президенттин кудасымын деген Физрук Самозванец Керимжан Төкөновбу дешип Элдин башы айланып калды. Себеби, Бакыт Нарбеков баш болуп, калган Акимдери төш болуп Алтын-Альянста чай ичишип, гүлдөп жүрүшөт. Аларды жазгы талаа жумуштар, жалпы элдин ал-акыбалы жана облустагы кризис кызыктырбайт экен. Эмне максат менен облус жетекчилигине келгени түшүнүксүз? Же бийлик башында отургандарга Жер-үй алтын кенинен 10% долясын алганы келгенби? Андан көрө “Эсиң барда Этегиңди жап Бакытбек!”  Мына Таластагы Бардактын болуп жатканы.

 

7.Урматтуу Президент

Эгерде тез арда Бакыт Нарбекоду кызматтан албасаңыз, анда Биз Талас облусу боюнча Айкөл Ала-Тоо коомунун мүчөлөрү, жана апрель баатырлары Жер-үй алтын кени боюнча баардык ачуу чындыкты жалпы Кыргызстандын эл-журтуна ачык билдиребиз.Алтын-Альянсты кууп чыгып, эң биринчи орунга адам баласын эмес, акчаны койгон Өмүрбек Бабановду таш баранга алабыз.

Анткени Жер-үй алтын кениндеги карапайым Элдин балдарын ар кандай шылтоолор менен жумуштан бошоткон. Алардын ордуна жалаң гана милиция органдарынан пенсияга чыгышкан өзүнүн адамдарын кабыл алып жатышат. Алар мамлекеттен пенсия, Жер-үйдөн буйруган айлык-маяна алып жашагысы келсе, карапайым Элдин балдары ачкадан өлүш керекби?

Жер-үйдү Өмүрбек Бабановдун башкаруусуна жол бербейбиз ага тикеден-тике каршы турабыз. Бийлик, жер-суулар, кен-байлыктар жалпы Кыргыз Элиники экенин өзүңүз эң жакшы билесиз!

Бизге жалпы Талас элинин аманчылыгы керек. Жер-үй алтын кенин өзүбүз көзөмөлдөйбүз.

Ушундай жетеленме кадрлар менен Өлкөнү кантип өнүктүрөсүз? Эл тараза, Эл сынчы, Эл чечсин! Эл менен эсептешпесеңиз болбойт! Элдин үнүн угуңуз Урматтуу Президент!

Жер-үй Эл үчүн, мамлекет үчүн, Талас Элинин келечеги үчүн иштеши керек! Талас Эли толкуса, Кыргызстан толкуйт.

Ишиңизге ийгилик каалап,  Элдин атынан

 

 

1.Талас облусунун Айкөл Ала-Тоо коомунун төрагасы                                               Анарбек Рыскулбеков (Чолпонбай баатыр)

                                          0501 526 364

2. Айкөл Ала-Тоо

коомунун төрагасы  Талас району боюнча координатору,

айылдык кеңштин депутаты,

апрель баатыры       Теңдик Избасаров

                                                                                                                 

  1. Айкөл Ала-Тоо

коомунун Талас району боюнча координатору,

айылдык кеңштин депутаты,  Куттубек Батырбеков

                                      0707 260 071

  1. Айкөл Ала-Тоо

коомунун Бакай-Ата району боюнча координатору,

айылдык кеңштин депутаты, Баратбай Мадалиев

                                      0709 605 254

  1. Апрель баатыры Бакай-Ата району боюнча координатору,

айылдык кеңштин депутаты, Насирдин Чолпонкулов

                                      0500 213 177

  1. Апрель баатыры Бакай-Ата району боюнча

корупцияга каршы коомунун мүчөсү  Солдатбек Нарбаев

 

  1. Апрель баатыры Бакай-Ата району боюнча

коррупцияга каршы коомунун мүчөсү   Жамалбек Чоткараев

 

8. Кара-Буура району боюнча коррупцияга каршы

Элдик көзөмөл юристи  Каныбек Айтмамбетов

                                      0556 212 148

 

21.05.2021ж.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

18 − шестнадцать =