Талас тарап тынч эмес

0
930

 

Таластын экономикасын көтөрөт деген Жерүй кенинен облустук фондго миллиондор түшүп жатканы менен Талас облусу башка облустардан эч айрымалана алган жок.  Облустун “Бакубат фонду” түзүлүп, миллиондогон акчалар которулуп жатканы менен майнапсыз иштерге жумшалып, эл нааразчылыгы күчөп турган кези. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн экономикасын көтөрүп, коррупцияны токтотуу үчүн көп аракет жумшап жатканы менен Жерүй алтын кенинен түшкөн каражаттарга эл көңүлү толбогон иштердин болуп жатышы жакында чоң жарылууну алып келе тургандай.

Облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков мурда финансы тармагында иштеп келгени менен эт эмес же чел эмес, эптеп жүргөн жан экенин айткандар арбын эле. Аны эске алсак, анда Таластагы миллиондор таластыктардын табитине жараша пайдаланылбайт окшойт.

Эл ырыскысына ыймандуу, облустун социалдык-экономикалык абалына күймүш эткен жетекчилер жең ичинен пара сурап, Жерүй акчасын каалагандай чачып жатышканына нааразы тараптар жакында баарын ачык айтып чыгышаары белгилүү болууда.

Эсиңиздерде болсо, жакында Жерүй алтын кенинен түшкөн кирешеден Талас районуна да өнүктүрүү фонду ачылып, ал жака миллиондор салынган.

Ошол фондду да кыя өтпөгөн облус жетекчиси менен райондун акими  Нармырзаев Нургазы мырза, акча адалдоо үчүн аймактын социалдык абалын көтөрүү үчүн демиш этип, Талас районунун Ак-Сай айылындагы эски окуу борборун сатып алуу үчүн 35 миллион бөлдүрүүгө  жандалбастап жатышканын жергиликтүүлөр айтышууда.

Жакшы эмеспи. Ал жерди бала-бакча кылууга аракеттер көрүп жатышса? Кара ташынабы, акча бөлдүрүп чыгып алкымга куйганы жатышкан экен.

Эски окуу борбордун ээсине “35 миллионду бөлүп беребиз, бизге 3 млн. акчаны чыгарып бересиң”- деп ачык эле айтышканы, анын ээси “1 млн. бере алам” дегенин уккандар айран таң болушканын кулагыбыз чалды.

Жакында Таластын Көк-Сай айылында Манас чокусу алдында чоң маараке өттү. Жылда өтөт.  Манас атабыздын арбагы ыраазы болсун. Манас атабыздан аяганыбыз курусун. Эмне иш чара болгонун уккан деле киши болгон жок. Баягы бай-манаптар каз катар боз үй тиктирип, каадасы кылып иш чараларды уюштуруп, казак-казан эт астырып калдайган акчаларды шимирип алышты көрүнөт. Анчалык Манаска күйүшсө кароосуз калган “Манас Ордо” деген Таластын атын чыгарган жерге эмнеге иш чаралар уюштурулбайт? Туризм деп коюп, мындай ыйык жерлерди баалабай жеке кызыкчылык менен кам уруп жаткан облус башчысы  Бактыбек Нарбековдун келечеги деле кең болбой калды көрүнөт.

Бул жакта ажобуз ысырапкорчулукту жоебуз менен алек, Таласта Бакыт Нарбеков баштаган журт жакшылары кымындай ишти көрсөтө албай, бирок тойлоп жатканына да нааразы болгондор аз күндө Таласка чоң митинг уюштуруп, мына ушуга окшогон талаптары менен чыгышаары айтылып баштады.

Жакында социалдык тармакта Таластагы Керим аттуу облус жетекчисинин кеңешчиси тууралуу маалымат чыкты. Анын алдындагы пикирлерге караганда бул адам ажо Садыр Жапаровдун жакын кудасы. Мына ушул адам дагы Таластагы абалды курчутуп, өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип баардык иштерге “айгыр” болуп алгандыгы, дал ошол Керим аттуу адам үчүн дагы Таластыктардын кыжыры келип жүргөндүгү ал жерде айтылат. Айтор, Талас тараптын таң сүрүлө талпынып чыгаарына, ушундай мурдунан алысты көрө албаган “көсөм” жетекчилер менен Жерүй кени себеп болгону турат, сыягы.

Кыязы, Жерүй тегерегиндеги акчалар, кырсыктар, бандиттик топтордун аралашуусу, жергиликтүүлөрдүн жумушка алынбай жатышы, сырттан келген жумушчулардын көбөйүп кетиши, маанисиз проектилердин жең ичинен акчага адалданып жатышы, экологиялык талаптардын аткарылбай турушу айтор, бир топ бышып жетилген маселелер кайнап чыгат окшойт. Сөз башы боло турсун…

 

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

три × 5 =