ТАЛАШ ЖАРАТКАН “МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙ” ТАСМАСЫ

0
14

 

 “МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙ” кинофильми боюнча коомчулукта талаш-тартыш жараткан сценарийди талдоо

К. МОМУНКУЛОВ: Бул кино эмне үчүн тартылып бүтпөй каршы пикирлерди жаратууда. Бүгүнкү күндөгү манасчыларыбыз жалпы каршы болуп кинону тартууну токтотууну талап кылышты. “Бөдөнө сойсо да, касапчы сойсун” – дейт. Киночулар манасчылар жана манастаанучу окумуштуулар менен кеңешпей иш кылганы чоң катачылыктарга алып бардыбы?

Анда эмесе кино сценарийди талдап көрөлү:

 

СЦЕНАРИЙДЕН:

“СЕМЕТЕЙ” ЭПОСУНУН,

Кыргыз эл акыны Жалил САДЫКовдун

“МАНАСТЫН УУЛУ СЕМЕТЕЙ” драмасынын негизинде

СЦЕНАРИЙЧИ жана БАШКЫ ПРОДЮСЕР — Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ

ПРОДЮСЕРЛЕР – Акай КИНЕ (Россия),

КӨРКӨМ ЖЕТЕКЧИСИ – МАР БАЙЖИЕВ,

РЕЖИССЕРЛОРУ – Эгемберди БЕКБОЛИЕВ, БУЛАТ ИСКАКОВ

“Бир алкак – бир жол” (Кытай), (Турция)

 

К. МОМУНКУЛОВ: “Иттин өлүгү” – ушул продюсерлерде эмеспи?.. Себеби, алардын ыргыткан “сөөгүн” актоо үчүн улуу эпосто жана Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасында жок окуялар, тексттер ж.б. бир кезде “Ак жол” гезитинде Бакиевдердин камчысын чаап, кийин алар менен кошо качып, Казакстанда баш калкалап жүргөн гезитчи Өмүрзак Төлөбеков эми келе калып, улуу эпоско суук колун салып, киночу болуп, бурмаланган сценарийди жазганына күйөсүӊ…

 

СЦЕНАРИЙДЕН:

2-КӨРҮНҮШ

Хан сарай.

Тактыда Көбөш Кангай өкүлү менен отурат.

Көбөш: — Манас мага аталаш бир тууган болгон менен эки элди кыйнап, канча миңдеген кишинин канына себепкер болду. Манасты жоготкон сиздерге, Коңурбай ханга ыраазыбыз. Мына, эми согуш токтоп, бир кишинин артынан канча миңдеген кишинин жаны аман калды.

Кангай өкүлү: — Сизге Конурбай башчы зор салам айтты. Элиңизди өзүңүздөрдүн салт менен башкара бересиз. Болгону бизге салыкты төлөп турсаңар болду.

Көбөш: — Баш аман болсо, дүнүйө табылат. Эл аман. Салыкты төлөп турабыз, андан кам санабаңыздар.

Өкүл: — Мен кеттим, анда. Иштерди ирээттейин. Сизге жакшылык каалайбыз!

Өкүл кол алышып коштошо кетүүгө обдулду.

Көбөш кош колдоп коштошо узата басты.

Көбөш: — Ыраазымын! Сизге жигиттер дайма жардамдаш болушат. Биз сиздин кызматыңыздабыз. Кечке келип тамак жеп кетиңиз. Тай сойдук сизге арнап.

Өкүл: — Макул. Кечке дагы кенен сүйлөшөөрбүз.

Өкүл кетти.

Көбөш тактыга маашырлана отурду.

Көбөш: — Манас тирүү чагында ээ кылбай баарына,

 Энеси бөлөк дегенсип жолотчу эмес жанына.

 Айла-амал жок экен адамдын көрсө багына!

             Ал өлөөрү менен минтип ээ болуп отурам ордо, тагына.

Көбөш кыйкырат: — Эй, чоролор!

Эшиктен эки чоро баш багат.

Көбөш: — Кана, кыздарды киргизгиле. Кечки конокко кыздарды даярдайлы.

Селкилдеген жаш селкилер чубап кирет.

Көбөш колуна чөйчөк кармай кыздарды кумарлана тиктейт.

 

К. МОМУНКУЛОВ: Тай союлуп, кыздар даярдалып коноктолуп жаткан өкүл ким? Түрктөрдүн кинолорундагыдай гаремди кыргызга таңуулаган не деген ойдо жок жорук?..

 Намыс барбы…? Кангайы кайсыл? Кандай эл?

“Ала кушту атынан ата” – дейт, улутун так атабайбы?

 СЦЕНАРИЙДЕН:

Чыйырды: — Алла ыраазы болсун, уулум! Аман бол!

Семетей: — Арыбаңыздар! Ассалоому алейкумдар!

Топтогулар: — Арыбагыла! Ваалейкума ассалоом!

Семетей жамы журтка кайрылып: — Арыбаңыздар, ассалоому алейкум, айланайын, Ала-Тоолук касиеттүү кыргыз элим!

— Алейкума ассалоом, эр Семетей!

 

К. МОМУНКУЛОВ: “Алла ыраазы болсун!” ж.б. деп улуу эпосубузда жок сөздөрдү киргизип арабдаштыруу башталдыбы?…

Бул үчүн арабдардан да “сөөк” тийдиби?

СЦЕНАРИЙДЕН:

Найза кирбес, ок өтпөс зоот кийим кийинип, белинде найзасы, кылычы сороктоп, артында мылтыгы асылып, күлүк атка минип, кырк жигити коштоп, октой учуп келатат эр Семең.

Эпосто Семетей Таласка жалгыз келген!!!

 “…Жакшы го жалгыз барганы,

Жалгызга эгем жар деген,

Атанын колдоор арбагы” – деп Каныкей узатат.

 

СЦЕНАРИЙДЕН:

Алтай жергеси.    

Бийик тоолор, чытырман токойлор, көк кашка мөңкүп аккан дарыя, чалкайган көркөм талаа.

Акай Семетейди ээрчитип кең байтак талааны аралап келатты.

Алардын артында Каныкей, Бакай, Сейит баштаган чоролор.

Акай: — Сенин атаң, биздин ыйык досубуз жана жол баштоочубуз айкөл Манас так ушул жерде көз жарган.

Семетей айланага ынтаалана көз таштайт.

Акай: — Тээ тиги дөбөчөдө айкөлдүн сөөгү жатат.

Семетей дөбөчөгө чукулдап токтоду.

Семетей: — Ата! Мен келдим!

 

К. МОМУНКУЛОВ: Урматтуу Төлөбеков! – Манастын сөөгүн Алтайга Акай Кине экөөң алып барып койдуңарбы?

Улуу эпостун кайсы жеринде кимдин вариантынан таптың жок нерсени?..

 “Акай” дегениӊ 2010-жылы “40 байтал берем!” деп кыргыздарды Алтайга дарбытып алдап кеткен шаман – Сергей Кинеевби?

Сценаристтин күнү шаман Акай Кинеге түшүп калдыбы?

Бул маселеге коомчулукту ызы-чуу кылбай  Манас академиясы жана манастаанучу окумуштуулар кайдыгер болбош керек эле.

Кыскасы “Акай” (Акай Кине)  деген жаӊы каарманды эпоско зордоп киргизүүгө авторго эмне кызыкчылык же кандай күч келди?..

 

СЦЕНАРИЙДЕН:

Семетей элчилер менен отурду.

Кытай элчиси: — Улуу Кытай императору сизге жакшылык, элиңизге байгерчилик тилейт!

Семетей: — Ыраазымын улуу эл башчыга!

Кытай элчиси: — Жакында кангайларды ордуна коюп, аймакта ырааттуу жашоо ыңгайын түзөөрүңүзгө ишенебиз. Андан ары сиздер менен, сиздердин аймак аркылуу алыскы жактарга соода-сатыкты өркүндөтө берсек деген максатыбызды колдоорсуз.

Семетей: — Сиздердин соода-сатыктан элибизге пайда гана келип жатса, арийне, кош колдоп кубаттайбыз.

Кытай элчиси: — Ыраазылык!

К. МОМУНКУЛОВ: Семетей эпосун карап көрсөк, анда Семетей атасы Манасты өлтүргөн кытай ханы Коӊурбайды өлтүрүп, өчүн алып жатса, сценарийдин автору Төлөбеков тескерисинча Семетейди соода-сатык пайдасы үчүн аларга ыраазычылык айттырып кездештирип сүйлөштүргөнү кечиримсиз түркөйлүк! Бул каны бузуктун кылаар иши… Эпосто андай текст жок!

 СЦЕНАРИЙДЕН:

Түрк элчиси: — Бир тууган түрк калкы, эл эгеси сизге жана элиңизге тынчтык, бакубатчылык тилектеш!

Семетей: — Улуу түрк журтуна жана анын жол башчысына бизден чексиз ыраазылык!

Түрк элчиси: — Атаңыз Манастын жолун улап, өз элиңизде жана алыскы, жакынкы кошуулар менен ынтымакта, бардык жактарга пайдалуу мамиле күтөөрүңүзгө ишенебиз.

Семетей: — Кам санабаңыздар бардык жагдай туура жана калыс каралат.

Түрк элчиси: — Ыраазымын!

К. МОМУНКУЛОВ: — Ал заманда түрк эли кайда эле?

Сценарийди жазган пенде дегеле китеп окуган немеби?

Тилекке каршы учурда “Манас” эпосунун айланасында чайкоочулук жүрүп, бурмаланган жалган тексттер жаралып, эпосто жок окуялар пайда болуп, калыптанган өзөктүк формасын, идеологиясын талкалоо жүрүп жатат.

Таӊ каларлыгы, тартыла турган кинофильмдеги биз урматтаган артисттер, сценарийдеги катачылыктарга макул болуп, Манастын каарынан коркпой, “жок, мындай  бурмаланган, Семетейди, кыргызды шерменде кылган сценарий менен кино тартууга болбойт!” деп калыс сөздөрүн айтпай, “эптеп тартылып калсам болду?” деп, айдама-робот болуп калышканбы? 

Анда ушул сценарийге үндөш идеяда бир кезде АКШдагы ЦРУнун директорунун Сенатта сүйлөгөн сөзүнөн үзүндү келтирели:

“…Байыркы, багынбас, тамыры терең элдин аң-сезимин кайра оңоого болбой турган эбегейсиз чоң каргашалуу өлүмгө алып барабыз.  Ал элде болгон адеп-ахлакты жок кылабыз.

Элди маң кылып, алдап, акмакка айландыруу үчүн биз алтыныбызды, каржылык күчүбүздү аябайбыз.

Кантип?

Биз ал өлкөнүн өзүнөн эле бир максатташ, пикирлеш, союздаштарды табабыз.

Адабият, театр, кино – баары адамды жийиркендире турган сезимдерди даңазалап чагылдырат. Биз адам аң сезимине болуп көрбөгөндөй бузукулуктарды – секс, зордук-зомбулук, садизм, саткынчылыкка табынууну таратып, мээге куюп жаткан сүрөткер сөрөйлөрдү ар тараптан колдоп, даңазалап турмакчыбыз.

Элге душмандык кылуу, барынан мурда… элине болгон жек көрүү жана кастык эң эле эптүүлүк менен сиңирилип,  айбанчылык, уятсыздык, саткынчылык гүлдөп өсөт…”

К. МОМУНКУЛОВ: Сактан кыргыз! Бүгүнкү абыке-көбөштөрүңдөн!!!

 Киносценарийди, Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” аттуу драмасын жана эпосторду (үчилтикти) окуп, талдоого алган

Койчуман МОМУНКУЛОВ.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

тринадцать − восемь =