Текебаевдин аялынын мүлктөрү ачыкка чыкты

0
8

Кыргыз саясатында орду бар Текебаевдин аялы, Айгүл Текебаевага таандык делген мүлктөрдүн тизмеси жарыяланды. Өмүрбек Текебаевдин байлыгы 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин көбөйгөндүгү тууралуу коомчулукта айтылып келет. Анын жубайы Айгүл Текебаеванын атына базар баасы 150 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлк катталган.

Алар: 1) Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсүндө жайгашкан № 402 үй. Анын жер аянты – 718 чарчы метр, курулуштун аянты – 517,7 чарчы метр. Бул имаратта мурда «Супер Инфо» гезитинин редакциясы жана «Сентябрь» теле каналы жайгашып келген. Имараттын базар баасы – 50 миллион сомго барабар.

2) “Орто-Сай” VIP-шаарчасында жайгашкан хан сарай. Жер аянты – 600 чарчы метр. Хан сарай пайдаланууга бериле элек. Имараттын базар баасы – 20 миллион сомго барабар.

3) Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан №11 Элиталык үйдөгү 24-121-батирлер, аянты 121 жана 121,9 чарчы метр. Ошондой эле 2015-жылы алынган унаа токтотуучу жай.
Батирлердин базар баасы – 10,5 миллион сомго барабар. Ал эми унаа токточуучу жайдын базар баасы – 1,5 миллион сомго барабар.

4) Бишкек шаарынын Баетов көчөсүндө жайгашкан №74 үйдөгү 19-батир, аянты – 64,1 чарчы метр.
Батирдин базар баасы – 5,5 миллион сомго барабар.

5) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы Чычкан капчыгайында жайгашкан кичи-ГЭС. Аянты – 2 000 чарчы метр. Убактылуу пайдалануучу катары Айгүл Текебаева катталган.

6) Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылындагы Чычкан капчыгайындагы Элик тилкесинде жайгашкан “Таш-Там” кафеси. Жер аянты – 1 000 чарчы метр, курулуштун аянты 76,08 чарчы метр.

Булардан сырткары Айгүл Текебаеванын сиңдиси Төлөкан Турдуевага Бишкек шаарынын Тыныстанов-Баетов көчөсүндө жайгашкан, аянты – 300 чарчы метр болгон жер тилкеси катталган. МККда 16.11.2007-жылы № 307 сатуу жана сатып алуу келишиминде жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жашай турган үй деп катталып, Айдаралиев Жолдошбек Муканбетовичке 490 миң сомго сатылып кеткен.

Ал эми Райгүл Чаргыновага Бишкек шаарынын Калык Акиев көчөсүндөгү №99 4 кабаттуу үй катталган. Жер аянты — 439 чарчы метр. Келишим 2011-жылы белек катары катталган.

Үйдүн базар баасы — 70 миллион сомго жакын.

Тимур Термечиков «Факты кж»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

10 − восемь =