Текебаев кайрадан мандатынан ажыратылабы?

0
18

Кечээ Биринчи май райондук соту  активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды. Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери Текебаев өзү да ырастап, сотко өзү катышпаганын, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим экенин айтууда.  Ал эми Ормуков мындан ары Жогорку сотко, Конституциялык палатага барарын билдирди. «Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат»-дейт Текебаев. Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча сот чечими тууралуу маалымат бере элек.

Факты.кж

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

19 − девять =